Билим жолунда-10

89765
Билим жолунда-10

Түркияда билим алгысы келгендер үчүн маанилүү болгон маалыматтарды ТРТнын Түркия үнү радиосунда берүүбүздү улантабыз. Өткөн жумада сиздерге Улудаг университети туурасында эң туура маалыматты өз булагынан, ректор Камил Дилектен ала баштаганбыз. Бул жумадагы бөлүмдө да урматтуу Дилек сиздерди Улудаг университети туурасында маалыматтандыруусун улантат.
Ректор Камил Дилектен Улудаг университетинин алдыңкы өзгөчөлүктөрүн сураганыбызда, Улудаг университетинин кампус университети болгонун айтты жана сөздөрүн мындай улантты:

«Күнүбүздө кампус университеттери барган сайын азаюуда. Университетибиз да кампус университети болгондуктан практикалык сабактар басымдуу берилет. Айыл-чарба факультетибиздин ишке ашыруу тармактары, ветеринардык факультетибиздин фермалары бар. Улудаг университети 16 миң гектардык аянтка салынган. Бул 16 миң гектардык аянттын 8 миң гектары токойдон турат. Кампусубузда 2,5 миллион багыбыз бар. Бул 2,5 миллион бак түрү менен сыймыктанган башка бир өзгөчөлүгүбүз да бул бак-дарактардын биз тараптан өстүрүлгөн болушу. Жаратылышты коргоо аянттарыбыз бар. Бул жерде эликтерибиз, бугуларыбыз бар. Көлмөбүз, спорттук аянттарыбыз бар. Спорттук комплекстерибиз абдан кеңири. Ошондуктан окуучуларыбызга бул жагынан абдан чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айта алабыз. Бөлүмдөр жана программалар жагынан алганда чындап эле чоң университет болгонун айта алабыз. Ошондой эле 12 факультетибиз бар. Бул жерде медицина факультетинен тартып ветеринардык, айыл-чарба, инженердик, теология факультетине чейин көп сандаган бөлүмдөрүбүз бар. Техникум окуучулары үчүн да 16 чоң программабыз бар. Ушул жагынан алганда бардык муктаждыктарга жооп бере турганчалык университет, деп айта аламын».
Эл аралык окуучу абитуриенттери эмне үчүн Улудаг университетин тандашы керек?

«Бул суроого бир канча темада жооп бере алабыз. Булардан бири Бурса. Бардык чет элдик окуучуларга Түркияны сунуш кылабыз. Сиз да сунуш кыла турганыңызга ишенемин. Анткени түрк адамы менен таанышкандарында бизди чындап эле сүйүшөт. Достугубузга чындап эле ыраазы болушат. Меймандостугубузду абдан жактырышат. Бул жерде чоочундукту сезишпейт. Бул түрк адамынын жалпы өзгөчөлүгү. Мындан тышкары Бурса өзгөчөлөнгөн шаар болуп саналат. 700 жылдык тарыхтын борбор шаары-Бурса. Бүткүл тарыхый түзүлүш сакталыптыр. Өлкөбүздө тарыхый түзүлүштүн эң көп жана эң жакшы сакталган областтарынын башында Бурса турат. Заманбап шаар менен катар бир эле убакта тарыхый түзүлүш сакталган шаардан сөз кылып жатабыз. Бурса жалгыз эле тарыхый түзүлүшү сакталган шаар эле эмес, өнөр жайдын борбор шаарларынан бири болуп саналат. Бир мисал бере кетсем, экспортто ушул убакта Стамбулдан кийин экинчи орунда турган шаар. Б.а. өнөр жай абдан өнүккөн шаар болуп эсептелет. Булардын бардыгы окуучуларыбызга оң мүмкүнчүлүк катары таасир этет. Бурса калкынын да чет элдик окуучуларга мамилеси абдан жакшы. Биртоп бейөкмөт уюмдар бул окуучуларга стипендия камсыздап жатышат».

Экинчи эң маанилүү өзгөчөлүгүбүз, жогоруда сөз кылынган кампус өзгөчөлүгүбүз. Дүйнөдө эми кампус университеттеринин сандары барган сайын азаюуда. Кампус университетинин бардык жакшы жактарынан университетибизде пайдаланышат. Андан да маанилүүсү, окуучуларбызга дагы жакшы билим берүүгө багытталган аракеттер...
Улудаг университетин Түркиядагы башка университтерден айырмалап турган маанилүү айырмачылык да, бардык билим берүү бөлүмдөрүнүн маанилүү бир бөлүмү аккредитация аракетинде ийгиликке жетишкен программалары. Бул программалар өлкөбүздө дагы, эл аралык аккредитация мекемелери тарабынан дагы тастыкталган.
Андан башка өзгөчөлүгүбүз болсо ЙӨК тарабынан Болония процессин эң жакшы ишке ашырган алдыңкы 10 университеттин арасында көрсөтүлүшү.
Медицина факультетибиз менен сыймыктанабыз. Эл аралык аккредитация мекемеси joint commission international тарабынан тейлөөсүнүн сапаты аккредитацияланган.
Биз жогорку башкаруучулар катары практикага абдан маани берүүдөбүз. Бурсанын өнөр жай шаары болушу стаж жана ишке ашыруу билим берүү тармагында окуучуларыбыз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Улудаг университети чет өлкөлүк окуучу санын улам көбөйтүүдө. Сан менен айта кете турган болсок мындан 3 жыл мурда 70 окуучу алынса, быйыл 300 окуучу алдык. Алдыбыздагы жылда 500 окуучу алууну максаттоодобуз. Бул окуучулар үчүн түрк тилин үйрөтүүчү борборубуз бар. Бул жерде түркчөнү үйрөнүшөт. Билгендер болсо дагы да өнүктүрүшөт.
Маданий иш-чараларыбыз абдан тыгыз. Мамлекеттик театрлар ар дайым оюн коюп турушат. Мамлекеттик симфония оркестри концерт берип турат. Муну менен катар окуучулар менен иш-чараларыбыз абдан көп. 85тен ашуун билим, көркөм өнөр жана кызыгуу клубдарыбыз бар».
Урматтуу Камил Дилектен окуучуларды кайда жаткыра тургандарын да сурадык?
«Бурса бир эле убакта билим берүү шаары болуп саналат. Кампусубуздун жанында окуучуларыбыз жашай ала турган «Гөрүкле» деген район бар. Бул жерде окуучуларыбыз квартиралардан тартып жатаканаларга чейин бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат. Айрыкча кампустун ичинде жатакана менен камсыздоо башкармалагынын бир кишилик жана эки кишилик бөлмөлөр түрүндө 1500 орундуу жатаканасы тейлөөгө кирген.
Бул жагынан алганда бизди тандаган окуучулардын кыйынчылыкка туш болбой тургандарын ойлоодомун. Бурса калкынын да эл аралык окуучуларга мамилеси абдан жакшы. Бир топ бейөкмөт уюмдар бул окуучуларга стипендия камсыздап жатышат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар