Китептер баяны-8/16

Белкыс Улусой Налжыоглунун “Осмон дөөлөтүндө оппозициялык прессанын жаралышы” аттуу китеби.

497083
Китептер баяны-8/16

                      Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Осмон дөөлөтүндө оппозициялык прессанын жаралышы» деген китепти  тандап алдык. Бул китеп түркиялык илимпоз Белкыс Улусой Налжыоглунун калеминен жаралган. Китеп алгачкы жолу 2013-жылы «Йедитепе» басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Китеп 432 беттен турат.

                                  «Осмон дөөлөтүндө оппозициялык прессанын жаралышы» китебинде батышта басма сөздүн калыптанышы, Осмон дөөлөтүндө басма сөз тармагынын жаралышы жана өнүгүшү, Түркияда оппозициялык басма сөздүн жаралышы жана Осмон дөөлөтүндө басылган журналдар боюнча кенен маалымат берилген.

           

                                                       Кадырлуу китепкөйлөр,  Белкыс Улусой Налжыоглунун «Осмон дөөлөтүндө оппозициялык прессанын жаралышы» деген китебинде Осмон дөөлөтүндө басма сөздүн жаралышы жана алгачкы газеталар тууралуу кызыктуу жана маанилүү маалыматтар берилген. Алгач ушул маалыматтарды сиздер менен бөлүшөлү:

                                  Осмон дөөлөтүндө басма сөз тармагы 18-кылымдын аягында калыптана баштаган. Басылган алгачкы газеталар чет тилде, көпчүлүгү француз тилинде чыккан. Бул газеталардын көпчүлүгү Измир шаарында басылып, чет өлкөлүктөр жана Осмон дөөлөтүндөгү мусулман эмес калктарга арналган. Коомдук көз карашты калыптандыруу, өздөрүнүн саясатын көпчүлүккө жеткирүү үчүн газеталарды колдонгусу келген жергиликтүү башкаруучулар акырындап өздөрүнүн газеталарын чыгара башташкан.

                                  Осмон дөөлөтүндөгү алгачкы түрк тилиндеги газета 1828-жылдын 2-декабрында Египетте «Векайе-и Мысрийе» деген ат менен Египеттин губернатору Мехмет Али паша тарабынан чыгарылган. Негизи бул газета эки тилде түркчө жана арапча, аптада бир жолу чыгып турган. Газетанын чыгымдарын жабуу үчүн 1000 сомдон (куруштан) көп айлык алган кызматкерлер газетага сөзсүз түрдө жазылышкан. «Векайе-и Мысрийе» газетасы Египеттен сырткары Судан, Хижаз, Крит, Мора, Сирия, Ливан жана Анадолунун түштүк-чыгыш аймагына да таркатылган.

Осмон дөөлөтүндө түрк тилинде басылган экинчи газета 1831-жылдын январь айында Критте чыга баштаган. «Векайе-и Гиридийе» деген ат менен 1841-жылга чейин чыккан бул газета түрк жана грек тилдеринде басылган.

                                  Ал эми түрк тилинде гана басылган алгачкы газета болсо, 1831-жылдын 1-ноябрында падыша Махмуд IIнин буйругу менен Стамбулда чыгарылган «Таквим-и векайи»  газетасы болуп эсептелет. Беш миң нуска менен чыккан бул газетанын французчасы 1931-жылдын 5-ноябрында, грекчеси 1832-жылдын 5-январында, армянча, арапча жана фарсчасы ошол эле жылдын 13-январынан тартып 100-500 нуска менен чыгарылган жана алдын ала белгиленген жерлерге таркатылган. Бул газета Осмон дөөлөтүнүн расмий политикасын жаюу максатында чыгарылган. Газетанын аты падыша тарабынан берилген жана газетадагы ар бир кабар падышага арналган узун мактоо сөздөрү менен башталган.

Осмон дөөлөтүндө түрк тилинде гана басылган экинчи газета 1940-жылдын 1-августунда чыга баштаган. «Жериде-и хавадис» деген ат менен чыккан газетанын негизги өзгөчөлүгү анын жарым жартылай багымсыз газета болгондугу десек жаңылышпайбыз. Англиялык соодагер Уильям Черчилль тарабынан чыгарылган бул газета кийинчерээк чыгымдарын жаба албагандыгы үчүн мамлекеттен жардам ала баштаган жана ушундан улам мамлекеттик басма сөз органына айланган. «Жериде-и хавадис» алгачкы жолу соода жарыяларын баскан жана бул тармактын өнүгүшүнө салым кошкон газета катары да белгилүү.

 

SİNYAL:   Урматтуу китеп күйөрмандары, эми биз Белкыс Улусой Налжыоглунун «Осмон дөөлөтүндө оппозициялык прессанын жаралышы» деген китебиндеги Осмон дөөлөтүндө оппозициялык басма сөздүн жаралышы туралуу кыскача баяндап бермекчибиз:

                                 Осмон дөөлөтүндө басма сөз мамлекет тарабынан колго алынып баштатылганы менен бул тармак жакшы өнүгө алган эмес. Мунун ар кыл себептери бар эле; түрк тилиндеги басмаканалардын кеч ачылышы, басылган эмгектерге кызыгуунун болбогондугу, китеп маданиятынын жеткиликтүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, саясий, административдик, экономикалык түзүлүштүн ыңгайсыздыктары негизги себептер катары көргөзсөк болот.

                                 1860-жылы эки түрк жаранынын жеке акчаларына ачылып, мамлекеттен материалдык жардам албай иштерин жүргүзгөн алгачкы оппозициялык газета Осмон дөөлөтүндө чыгарыла баштаган. Агах эфенди менен Ибрагим Шинасы тарабынан чыгарылган «Тержүман-и ахвал» газетасы Осмон дөөлөтүндө пикир журналистикасын баштатып, саясий макалаларды жарыялаган, газетага башкы макала коюу жаңылыгын киргизген алгачкы түрк газетасы болгон. Бул эки киши Парижде жашап, ал жердеги газеталарды анализ кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Эң кызык тарабы бул эки киши тең мамлекеттик кызматкер болушкан жана буга карабастан доорунун оппозициялык журналисти катары таанылышкан.

                                 Бул газета негизинен үч бөлүмдөн турган. Осмон дөөлөтүндөгү кабарлар, дүйнөдөн кабарлар жана жарыя рубрикаларынан турган бул газетада кабар же макала темалары кашаа ичинде берилип, үтүр, чекит сыяктуу тыныш белгилер коюлган эмес. Осмон дөөлөтүнүн басма сөз тармагына көптөгөн жаңылык киргизген жана калкты кызыктырган рубрика жана кабарларды жазган бул газета кыска убакыттын ичинде калк тарабынан кабыл алынып окула баштаган. Ошентип «Тержүман-и ахвал» газетасы Осмон дөөлөтүндө басма сөздүн өнүгүшүнө салым кошкон алгачкы газета болуп калган.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер Осмон дөөлөтүндөгү басма сөз тарыхы темасы сизди кызыктырса, анда  Белкыс Улусой Налжыоглунун аты аталган китебин окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдагандар Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 



Тектеш кабарлар