Китептер баяны-9/16

Шериф Мардиндин “Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы” аттуу китеби.

500717
Китептер баяны-9/16

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы» деген китепти  тандап алдык. Бул китеп түркиялык белгилүү илимпоз Шериф Мардиндин калеминен жаралган. Китеп алгачкы жолу 1996-жылы «Илетишим» басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Китеп 504 беттен турат.

                                  «Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы» китебинде Осмон дөөлөтүндө Жаӊы осмондуктар жамаатынын түзүлүшү, бул кыймылдын жаралышынын негизги себептери, 19-кылымдагы Осмон дөөлөтүнүн абалы жана Осмон дөөлөтүндөгү реформалар боюнча кенен маалымат берилген.

           

                                    

                   Кадырлуу китепкөйлөр, Шериф Мардиндин «Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы» деген китебинде Жаӊы осмондуктар жамаатынын түзүлүшү жана бул кыймылдын жаралышынын негизги себептери тууралуу кызыктуу жана маанилүү маалыматтар берилген. Алгач ушул маалыматтарды сиздер менен бөлүшөлү:

                                  Жаӊы осмондуктар кыймылы 1865-жылдын жай айларында жаралган. Стамбулдагы Белград токоюна эс алуу үчүн чогулган алты жигит, Осмон өкүмөтү тарабынан жасалып жаткан иштерди аябай начар деп баалашып өкмөттүн политикаларына каршы күрөшүү үчүн «Иттифак-и хамиййет» деген жашыруун жамаат түзүшкөн. Бул жамааттын жашыруун түзүлгөндүгүнүн негизги себеби ошол мезгилде Осмон дөөлөтүнө каршы чыккан, аны сындаган кишилердин күнөөлөнүп өлүм жазасына тартылгандыгынан улам болгон. Жамаат жети кишиден турган топтордон турган жана жамааттын коопсуздугу үчүн «Иттифак-и хамиййетге» мүчө болгон кишилер өзүнүн тобундагы жети кишиден башка мүчөлөрдү тааныган эмес.

                                  «Иттифак-и хамиййет» жамаатын түзгөн кишилердин көптөгөн окшош тараптары болгон. Биринчиден булардын баары Өкмөттүн алдындагы Котормо комитетинде иштеген кишилер болушкан. Мындан сырткары бул кишилер интеллигенциянын арасынан суурулуп чыгып көйгөйлүү ар кыл темаларда жазуу жазган, батыштын ыкмасы менен билим алган коомчулуктун алдыӊкы өкүлдөрү болушкан. Бул жамаатка мүчө болгондордун баары Осмон өкмөтүнүн туура эмес иш алып барып жаткандыгын баса белгилешип сындап чыгышкан. Алар мындай саясат улана турган болсо Осмон дөөлөтү талкаланып кыйрап калат деп чочулашкан.

                                  Бул кыймылдын өкүлдөрү басма сөз каражаттарын мыкты колдонушкан жана газета аркылуу Осмон өкмөтүнүн туура эмес политикаларын сындап чыгышкан. Көп өтпөй эле алардын «Тасвир-и эфкар»  жана «Мухбир» газеталары бийлик тарабынан жабылып бул жамааттын алдыӊкы активисттери чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушкан. 1867-жылдын 10-августунда Парижде чогулушкан жамаат мүчөлөрү «Жаӊы осмондуктар жамаатын» түзүшкөндүгүн жарыя кылышкан. Жамаат жаӊыдан түзүлгөнү менен иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн акчага муктаж болчу. Египет канзаадаларынан Мустафа Фазыл паша Жаӊы осмондуктардын эӊ негизги камкорчусу болгон. Жаӊы осмондуктар Лондондо «Мухбир», «Хүррийет» деген газеталарды чыгарышып бул газеталар жашыруун жолдор менен Осмон дөөлөтүнө жиберилип таркатылып турган.

                                  Осмон дөөлөтүндө өкмөт башчы алмашкандан кийин Жаӊы осмондуктардын өлкөлөрүнө кайтып келүүсүнө руксат берилген. Стамбулга кайтып келишкен Жаӊы осмондуктар бул жерде «Ибрет» аттуу жаӊы газета чыгарышып бийликтегилерди реформа жасоого үндөй башташкан. Бул иш аракеттери аркылуу алар Осмон дөөлөтүндөгү жаӊылануунун пайдубалын түптөшкөн. «Жаӊы осмондуктар жамаатынын» алдыӊкы өкүлдөрү катары Намык Кемал, Ибрагим Шинаси, Али Суави, Мустафа Фазыл паша, Зия паша жана Хайреттин пашанын атын атай кетсек болот.

 

SİNYAL: 

                     Урматтуу китеп күйөрмандары, эми биз Шериф Мардиндин «Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы» деген китебиндеги Жаӊы осмондуктардын Осмон дөөлөтүн кайрадан күчтөндүрүү үчүн жасаган иш-чаралары жана коомчулукка жаюуга аракет кылган пикирлери туралуу кыскача баяндап бермекчибиз:

                                 Жаӊы осмондуктар Осмон дөөлөтүн күчтөндүрүү үчүн жаӊы баш мыйзамдын кабыл алынышы жана күчтүү парламенттин түзүлүшү керек экендигин жакташкан. Алар бир эле убакытта батыштагы жетишкендиктерден пайдалануу менен бирге, өздөрүнүн баалуулуктарын да коргоп өнүктүрүүнү каалашкан. Ушул жол аркылуу мамлекеттин өнүгүп өсөөрүнө ишенишкен. Осмон дөөлөтүндө жаӊылык деп эсептелген театрларда Жаӊы осмондуктар тарабынан жазылган даярдалган мекенчил темадагы пьесалардын коюлушу мунун далилдеринен бири десек жаӊылышпайбыз.

                                 Жаӊы осмондуктар чыгарган газеталарында Осмон дөөлөтүн күчтөндүрүү үчүн мусулмандардын биримдиги пикирин жактап жазышкан. Ушундан улам Падышалык Россияга каршы Осмон дөөлөтүнөн жардам сураган Орто Азия кандарына кайдыгер мамиле кылган бийликтегилерди Жаӊы осмондуктар катуу сынга алышкан.                  

                                 Шериф Мардиндин пикири боюнча Жаӊы осмондуктар Осмон дөөлөтүнүн алгачкы идеологдору болушкан. Коомдук пикир түшүнүгүн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн түрк тилин алгачкылардан болуп Осмон коомчулугуна киргизген Жаӊы осмондуктар заманасынын алдыӊкы жамааты катары калктын эсинде калды.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, 19-кылымдагы Осмон дөөлөтүнүн абалы жана Жаӊы осмондуктар темасы сизди кызыктырса, анда  Шериф Мардиндин «Жаӊы осмондуктар пикиринин жаралышы» китебин окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдагандар;Абдырасыл Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар