Китептер баяны-15

«Түрк тарых комитети» тарабынан басылган «Осмон тарыхы» аттуу китептин бешинчи тому.

409523
Китептер баяны-15

Кадырлуу китепкөйлөр, осмондордун тарыхы боюнча жазылган мыкты китептердин бири «Түрк тарых комитети» тарабынан басылган 9 томдук «Осмон тарыхы» деген эмгек болуп саналат. Бул эмгектин алгачкы төрт томун Исмаил Хаккы Узунчаршылы жазган. «Осмон тарыхынын» калган томдору Энвер Зия Каралдын калеминен жаралган. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында «Осмон тарыхы» аттуу китептин бешинчи томун барактайбыз.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Түрк тарых комитети» тарабынан басылып чыккан «Осмон тарыхынын» бешинчи тому 288 барактан турат. Бул томдо Осмон дөөлөтүнүн 1789-жылдан 1856-жылга чейинки тарыхы баяндалган. Азыр биз «Осмон тарыхы» эмгегинин бешинчи томундагы «Танзимат-и хайрийе» тууралуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшмөкчүбүз.

 Махмуд II 1839-жылы каза болгондон кийин Осмон дөөлөтүнүн тагына уулу Абдулмежит олтурган. Абдулмежит падыша болгондо 18 жашында эле. Ал империянын оор маселелерин чече ала турган тажрыйбага ээ эмес болчу. Жаш падышага атасынан мурас катары эки чоң маселе калган. Бул маселелердин биринчиси Египеттин губернатору Мехмед Али менен жүргүзүлүп жаткан согуш, экинчиси болсо Танзиматты жарыялоо маселеси эле. Ушул эки маселе тең падышадан үзгүлтүксүз жана түшүнүү менен иш жүргүзүүнү талап кылган.
Абдулмежит тажрыйбалуу бюрократтардан Хүсрев пашаны башкы увазир, Дамат Халил пашаны аскербашчы кылып дайындаган. Бирок маселелерди чечүүдө бул адамдарга эмес, Тышкы иштер министри Мустафа Решит пашага көбүрөөк ишенчү. Мустафа Решит паша мурда Осмон дөөлөтү менен Египеттин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү чечүү үчүн уюштурулган делегацияда иш алып барган эле. Ушундан улам Египет маселесин жана ушул маселе боюнча башка мамлекеттердин пикирлерин жакшы билчү. Мындан сырткары Мустафа Решит паша Париж менен Лондондо элчи катары да иштеген эле. Элчи болгон мезгилде Франция менен Англиянын өкмөт структурасын изилдеп, ал өлкөлөрдүн саясатчылары менен Осмон дөөлөтүнүн структурасы боюнча пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мустафа Решит паша Европада жүргөн кезде Франция 1830-жылдагы төңкөрүшүн жасап, монархиядан конституциялык монархияга өткөн эле. Англия болсо жүз жылдан бери конституциялык монархия менен башкарылып келе жаткан.
Франция менен Англия Европада «либерал мамлекеттер» блогун түзүп турушкан. Австрия, Пруссия жана Россия болсо теңирдин укуктары системасын улантып жатышкан. Теңирдин укуктары системасындагы ушул мамлекеттер илгээртен бери эле Осмон дөөлөтүнүн душмандары болушкан.
1830-жылдарда Осмон дөөлөтү өзүн-өзү коргой албай турган абалда эле. Ушундан улам Осмон бийлиги Европадагы «теңдем» принцибинен пайдаланууну туура көргөн. Ошентип Осмон дөөлөтүнүн территориалдык бүтүндүгүн жактаган Англия менен Францияга жакындаганга аракет кыла баштаган. Осмон дөөлөтү күч-кубатын топтошуна жана Англия менен Франциянын ишенимине киришине жол ачкыдай жаңы системага муктаж эле. Мустафа Решит паша мындай системанын «Танзимат-и хайрийе» менен курулаарына ишенген.
«Танзимат-и хайрийе» буйрук түрүндө жазылып, 1839-жылдын 3-ноябрында Мустафа Решит паша тарабынан «Гүлхане» деген атактуу бакчада салтанаттуу түрдө жарыя кылынган. Буйрукту жарыялоо салтанатына падыша, бардык министрлер, грек, армян жана жөөттөрдүн дин лидерлери, элчилер жана башкалар катышкан.
«Гүлхане» буйругун камтыган пикирлерине карап беш бөлүмгө айырууга болот. Бул буйруктун төртүнчү бөлүмүндө Осмон дөөлөтүнүн мусулман жана христиан бардык жарандарынын жаны, мүлкү жана ар-намысынын корголо тургандыгы, салыктардын адилеттүү түрдө топтоло тургандыгы, аскердик милдеттин белгилүү мөөнөткө созула тургандыгы айтылган. Булар жаңы мыйзамдарга негиз боло турган жалпы принциптер эле. Осмон падышасы «Гүлхане» буйругун жана ушул буйруктун негизинде жазыла турган мыйзамдарды сыйлоого ант берген. Падыша ант берүү аркылуу Осмон дөөлөтүндө анын «ыйык» ыйгарым укуктарынан башка «мыйзам» деген күчтүн бар экендигин тааныган. «Гүлхане» буйругу жарыяланган күнү Осмон дөөлөтүндө «Танзимат» доору башталган. «Танзимат» деген термин «Гүлхане» буйругундагы жалпы принциптерге негизделген тартипти түшүндүрөт. «Танзимат» доорунун биринчи этабы 1856-жылы аяктаган жана анын экинчи этабы ошол эле жылы «Ыслахат» деген буйруктун жарыяланышы менен башталган.
«Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн. Бул буйруктун принциптери Осмон дөөлөтүнүн укук тармагында бурулуш жасаган. Баарыбызга маалым болгондой, Осмон дөөлөтүндө дин менен мамлекет бир бүтүн эле. Ошондой эле мамлекеттин укук булагы шариат болгон. Мындай система «ыйык» деп эсептелгендиктен 1839-жылга чейин эч ким өзгөртүүгө киришкен эмес. «Гүлхане» буйругунан кийин деле Осмон дөөлөтүндө шариатка негизделген укук системасы жок кылынган эмес. Бирок батыш мамлекеттери тарабынан кабыл алынган кээ бир укук принциптери кабыл алынган. Ошентип Осмон дөөлөтүндө шариатка негизделген укук системасынын жанында батыштын светтик укук системасы орун алган. Буга чейин бири-бирин кабыл албаган бул эки укук системасы Танзимат доорунда бирдей иштей баштаган. Танзимат доорундагы адамдар чыгыш менен батыштын укук системасын бири-бирине жуурулуштуруу үчүн чоң эмгек жумшашкан.
«Гүлхане» буйругу чыккандан кийинки алты ай ичинде жаза мыйзамы даярдалган. Бир бөлүгү французчадан которулуп алынган бул мыйзам падыша тарабынан жарандарга берилген укуктардын гарантиясы сыяктуу эле. Танзимат доорунда соода иштерине караган сот сыяктуу жаңы укуктук институттар түзүлгөн.
Бул буйрук жарыялангандан кийин Осмон дөөлөтүнүн армия, билим берүү сыяктуу ар кандай тармактарында жаңылануу кыймылы башталган. «Танзимат» мурдагы реформаларга окшогон эмес. Ушундан улам империянын ичинде жана сыртында чоң резонанс жараткан.
Кадырлуу китепкөйлөр, Танзимат доору жана бул доордо жүзөөгө ашырылган реформалар тууралуу кененирээк маалыматка ээ болгуңуз келсе, «Түрк тарых комитети» тарабынан басылып чыккан «Осмон тарыхы» деген китептин бешинчи жана алтынчы томдорун толук окуп чыгууну сунуштайбыз.

ТРТ "Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакылова жана Абдырасул Исаков

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар