Китептер баяны-11

«Осмондор» китебинин он экинчи тому жөнүндө.

389360
Китептер баяны-11

Кадырлуу китепкөйлөр, 1999-жылы Осмон дөөлөтүнүн түптөлүшүнүн 700 жылдыгына карата «Жаңы Түркия стратегиялык изилдөө институту» «Осмондор» аттуу 12 томдук эмгекти басып чыгарган. Бул томдук Осмон дөөлөтүнүн тарыхы боюнча даярдалган эң көлөмдүү эмгек болуп эсептелет. «Осмондор» аттуу 12 томдук китепте Осмон дөөлөтүнүн тарыхын изилдеген түркиялык жана чет өлкөлүк окумуштууларга тиешелүү 810 макала камтылган.
«Осмондордун» он экинчи томунда Осмон падышаларынын өмүр баяндары чагылдырылган. Бул том 702 барактан турат. Бүгүнкү уктуруубузда «Осмондордун» он экинчи томун барактап, китептеги Султан Махмуд II тууралуу маалыматтарды сиздерге кыскача айтып беребиз.

Урматтуу китеп күйөрмандары, Махмуд II Осмон падышаларынан Абдулхамид I менен Накши Дил Султандын уулу болгон. Ал 1784-жылдын 20-июль күнү жарык дүйнөгө келген. Кээ бир европалыктар Махмуддун энесинин француз экендигин айтып чыгышкан. Бирок муну тастыктаган түрк документи азырынча табыла элек.

Махмуд II кансарайдын салттуу тарбиясын алып чоңойгон. Адабият, жат жазуу, музыка, арапча жана дин сабактарын алган; мамлекеттик башкарууга тиешелүү дин жана падышалардын чектелбеген жеке бийлиги боюнча пикирлерди үйрөнгөн. Абасы Султан Селим III ага акындык жана музыка боюнча сабак берген. Махмуддун «Адли» деген псевдоним менен ырлар жазгандыгы маалым. Махмуд каллиграфия менен да алектенген. Махмуд канзаада кезинде Султан Селим IIIнүн аскердик реформаларына, өзгөчө артиллерияга кызыккан.
Анын кулк мүнөзү боюнча жаман жана жакшы көптөгөн маалыматтар бар. Кээ бир булактарда Махмуд IIнин акылдуу, билимдүү, аракетчил жана чечкиндүү болгондугу айтылат. Аны көкөлөтө мактагандар болгондой эле, жамандагандар да кездешет. Кээ бир тарых китептеринде элдердин Махмуд IIни «каапыр падыша» деп аташкандыгы жазылат. Белгилүү тарыхчы Жевдет паша «Тезакир» аттуу эмгегинде Султан Махмуд IIнин реформа жасоодо чабал, олуттуу окуяларда ырааттуу чечимдер кабыл алган киши экендигин белгилеп өткөн.
Үй-бүлөсүнө токтоло кете турган болсок, Махмуд IIден башка канзаада калбагандыктан ал көп аял алган. Анын 8 аялы жана туткундалып олжо катары келген 4 токолу болгон. Кээ бир изилдөөчүлөр анын аялдарынын саны 18 болгон деп жазып жүрүшөт. Махмуд Осмон падышалары арасында эң көп баласы болгон падышалардын бири болуп саналат. Айрым булактарга караганда анын 9 уулу жана 18 кызы болгон.
Султан Селим III көтөрүлүшчүлөр тарабынан тактан түшүрүлгөндөн кийин Осмон падышалыгына Махмуддун бир тууганы Мустафа IV келген. Мустафа тактыда отурган мезгилде Махмуд менен Султан Селим III туткундай болуп жашашкан. Ушул мезгилде Махмуддун абасы Селимге болгон ынак мамилеси дагы бекемделип, Осмон дөөлөтүн кыйроодон сактап калуу үчүн реформаларды кайрадан жандандыруу керек экендигине ишене баштаган. Алемдар Мустафа паша Султан Селимди кайрадан такка чыгаруу үчүн Стамбулга келгенде Султан Селим көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Мустафа IV тактыдан түшүрүлүп ордуна Махмуд II 1808-жылдын 28-июлдунда такка чыгарылган. Махмуд II Алемдар Мустафа пашаны башкы увазири кылып дайындаган. Мустафа паша бийликти күчтөндүрүү жана Султан Селимдин аскердик реформаларын кайрадан жандандыруу үчүн шымааланып киришкен. «Йеничери» деген аскерлер увазирдин иш аракеттерин жактырышкан эмес. Алар 1808-жылы кайрадан көтөрүлүш чыгарышып, Алемдар Мустафа пашаны өлтүрүшкөн. Мустафа пашанын адамдарын да жазалашып, Махмуд IIнин ордуна кайрадан Мустафа IVнү такка чыгарууга аракет кылышкан. Султан Махмуд дин адамдары жана мыкчыгерлердин сунушун кабыл алып, бир тууганы Мустафа IVнү муунтуп өлтүрткөн. Башка канзаада калбагандыктан көтөрүлүшчүлөр ушуну менен тынчыйт деп ойлошкон. Бирок көтөрүлүшчүлөр Султан Махмуддун тактыдан түшүшүн талап кылып туруп алышкан. Дин адамдары арачы болуп акырында көтөрүлүш токтотулган. Махмуд II өзүнүн өмүрүн сактап калганы менен Осмон дөөлөтүнө сырттан жана ичтен келе турган коркунучтар уланып жаткан. Мисалы, Балкандагы Сербияда көтөрүлүш уланып, Осмон дөөлөтү менен Россия согушуп жатышкан эле. Франция Осмон дөөлөтү менен болгон достугунан кечип, Россия менен ымала түзө баштаган. Мындан сырткары Хижазда ваххабизм күч алып, ислам биримдигине коркунуч туудургудай даражага жеткен эле.
Наполеон Бонапарт менен Александр I «Эрфурт келишимине» кол коюшуп, Франция Россиянын Молдова менен Валахияга киришине макул болгон. Осмон дөөлөтү болсо Россия менен согушун уланткан. Качан гана Наполеон Бонапарт мылтыгын Россияга карай бурганда орустар осмондуктар менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болушкан. 1812-жылдын 28-майында «Бухарест келишимине» кол коюлган. Бул келишимдин шарттарына ылайык, орустар Бессарабиядан тышкаркы басып алган аймактарын кайтарып беришкен. Көп убакыт өтпөй сербиялыктар да кээ бир жеңилдиктерди алуу менен Осмон дөөлөтүнүн карамагында калууну чечишкен. 1813-жылы Египеттин губернатору Мехмед Алинин аскерлери ваххабилерин таш-талканын чыгарып, Мекке менен Мединени кайтарып алышкан. Бир канча жылдан кийин ваххабизм кыймылынын мүчөлөрү жок кылынган. Махмуд IIнин падышалыгынын алгачкы жылдарында ушундай окуялар болуп Осмон дөөлөтүндө стабилдүүлүк орногон. Бирок бул тынчтык өтө аз убакытка созулган. «Мора» көтөрүлүшү сыяктуу саясий ызы-чуулар биринин аркасынан бири келген.
Махмуд II падышалык кылып турган учурда Осмон дөөлөтүнүн башына көптөгөн мүшкүл иштер түшкөнүнө карабастан Махмуд IIни улуу падыша болгон десек жаңылышпайбыз. Ал Осмон дөөлөтүн кризистен алып чыгара алган жок. Бирок мамлекетти куткаруу үчүн керектүү кадамдарды таштады. Баарыбызга маалым болгондой, Пётр I Европанын системасын үлгү катары кабыл алуу аркылуу күчтүү башкаруу системасын түзгөнгө жетишкен. Махмуд II дагы Осмон дөөлөтүн батышка жакындатуу үчүн көптөгөн тармакта реформа жасай баштаган. Реформага каршы чыккан «йеничери» аскерлерин таркаткандан кийин анын реформа боюнча иштери кыйла жеңилдеген.
Султан Махмуд II кансарайдын айрым салттарынан айрылып, Европа өкүмдарлары сыяктуу жашай баштаган. Сакалын кыскартып, өзүнүн сүрөтүн мамлекеттик мекемелерге илдирген. Батыштыктардын кийимине окшош кийимдер кийген. Мамлекеттик кызматкерлер феска кийип жүрүүгө мажбур болушкан. Султан Махмуд аскердик окуу жай менен медициналык окуу жайдын сынактарына катышып көзөмөлдөгөн. Осмон дөөлөтүнүн ички абалы менен жакындан таанышуу үчүн мамлекетинин батыш тарабын, тагыраак айтканда Румелияны кыдырган.
Султан Махмуд мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрткөн. Европанын министрлер кабинети сымал системаны киргизген. Атайын министрликтерди түзгөн. Кыскача айтканда, Махмуд IIнин падышалык доорунда осмондуктардын мамлекеттик башкаруу, билим берүү, укук ж.б. көптөгөн тармактарында реформалар жасалган.
Махмуд IIнин саясат майданындагы ийгиликсиздиги жана өлкөдө жасаган реформалары эл арасында нааразычылыкты жараткан. Босния- Герцеговиния жана Араб жарым аралында көтөрүлүштөр чыккан. Стамбулда Махмуд IIни «каапыр падыша» дегендер да болгон. Бирок ушундай нерселерге карабастан Султан Махмуд туура деп эсептеген жолунан кайткан эмес. Махмуд II 1839-жылы каза болгон.

Түркия үнү радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар