Китептер баяны-1

"Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)" китеби.

320040
Китептер баяны-1

Урматтуу китеп күйөрмандары, биз, «Китептер баяны» чыгарылышын даярдаган топ сиздер үчүн өзгөчө китеп коллекциясын даярдадык. Бул китеп коллекциябыз Түркиянын тарыхы, экономикасы, маданияты, саясаты жана социалдык абалы тууралуу жазылган маанилүү китептерден турат. Биз эки жумада бир жолу китеп коллекциябыздан бир китепти тандап алып, ал китепти барактап окуп, ал китептеги маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды сиздерге баяндап бермекчибиз.
Бүгүнкү чыгарылышбыз үчүн тандалып алынган китеп «Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)» деп аталат. Китептин автору - белгилүү тарыхчы Халил Иналжык.
Халил Иналжык «Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)» китебин англис тилинде жазган. Бул китеп алгачкы жолу 1973-жылы Лондондо басылып чыккан. Биздин колубуздагы китеп Рушен Сезер тарабынан англис тилинен түркчөгө которулган жана автору Халил Иналжык тарабынан айрым толуктоолор киргизилген нускасы болуп саналат. Бул нуска 17-басылыш катары 2012-жылы Стамбул шаарында «Япы Креди» басмаканасы тарабынан чыгарылган.
«Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)» китебинин биринчи бөлүмүндө Осмон дөөлөтүнүн негизделишинен баштап, империя алсырай баштаган 1600-жылдарга чейинки саясий окуялар баяндалган.
14-кылымдын башында Осмон мамлекети ислам дүйнөсүнүн батыш чегинде «Христиан динине каршы ыйык күрөш жүргүзүү» үчүн күрөшкөн чакан хандык болгон. Бул чакан хандык Анадолу менен Балкандардагы мурдагы Византияга тиешелүү аймактарды өзүнө каратуу аркылуу күчтөндү. 1517-жылы араб мамлекеттерин каратып ислам ааламындагы эң кудуреттүү мамлекетке айланды.
Фатих Султан Мехмедди Осмон империясынын чыныгы негиздөөчүсү десек жаңылышпайбыз. Мехмед II 1453-жылдын 29-майында стратегиялык орду аябай зор Константинополь шаарын багындырды. Ошентип Европа менен Азияда 400 жыл өкүм сүрө турган, борбору Стамбул шаары болгон империя негизделген. Мехмед II «Султанул Бахрейн ва Хакканул Байрейн» лакабын колдонгон. Бул лакаптын мааниси «эки кара (жер) менен эки деңиздин өкүмдары», башкача айтканда Балкан менен Анадолунун жана Жер Ортолук деңизи менен Кара деңиздин өкүмдары дегенди билдирген.
Султан Селим I дин 1512-жылдан 1520-жылга чейин сегиз жылга созулган падышалык доорунда Сирия, Египет жана Хижаз аймагы Осмон дөөлөтүнө баш ийген. Араб өлкөлөрүнүн, өзгөчө Мекке менен Мединанын Осмон дөөлөтүнө багынуусу түрктөр үчүн жаңы бир доордун башталышы болгон. Осмон дөөлөтү катардагы бир мамлекеттен Ислам халифатына айланган. Осмон султандары өздөрүн бүтүндөй ислам ааламынын коргоочулары катары көрүшкөн.
Султан Селимдин чыгышка жасаган сапарынын бир башка натыйжасы, дүйнөдөгү ири соода жолдорунун Осмондордун көзөмөлүнө киргендиги десек болот. Натыйжада Осмон империясынын кирешеси кыска убакытта эки эсе көбөйүп, сарайдын казынасы толуп ташкан. Султан Селимден кийин такка чыккан Султан Сулайман даңазалуу казаттарын ушул казыналарга таянып жасаган.
Султан Сулайман 1520-жылдан 1566-жылга чейин созулган 46 жылдык падышачылыгында Европа менен Азия континентинде маанилүү жоортуулдар жасады. Султан Сулайман 1520-жылы Ортоңку Европанын кириш дарбазасы деп эсептелген Белград менен Жер ортолук деңизинин чыгышында жайгашкан Родос аралын басып алган. Венгрияны каратып Венага чейин жеткен. Султан Сулайман чыгышка 1534-1535-жылдары жоортуул жасап Азербайжан менен Иракты өзүнө караткан. Жибек өндүрүү менен жан багышкан Ширван жана Жейлан аймактарынын жергиликтүү хандары Осмон империясынын бийлигин таанышкан. Басранын эмири 1538-жылы Осмон дөөлөтүнө баш ийгендигин билдирген. Осмон түрктөрү Кызыл деңиз менен Басра аймагын өздөрүнө каратуу аркылуу Жакынкы Чыгыштан Индияга кеткен бардык жолдорго көзөмөл кылып калышкан. Сулаймандын бул ийгиликтери Осмон дөөлөтүн дүйнөлүк масштабдагы күчтүү мамлекетке айланткан.
Бирок Султан Сулаймандын бийлигинин акыркы жылдарында эл аралык аренадагы абал Осмон дөөлөтүнө зыянын тийгизе баштады. Ошентип Сулаймандын дүйнөнү башкарам деген ою ишке ашпай калды. 1565-жылы Мальтадагы ийгиликсиздик жана Сулаймандын акыркы Венгрия казаты Осмон түрктөрүнүн Ортоңку Европа жана Жер ортолук деңизинде алга жылышынын үзгүлтүккө учурай баштагандыгынын белгиси эле. 1570-1571-жылындагы Кипр аралынын багындырылышы Осмон түрктөрүнүн эң акыркы чоң аскердик жеңиши болуп калды.
1578-1606-жылдар аралыгында Осмон түрктөрү чыгышта ирандыктар, батышта габсбургдар менен бир канча жолу согушушту. Алар Жер Ортолук деңизиндеги эгемендигин алдыруу аркылуу Африканын түндүгүндөгү жерлерин башкара албай калышты. 17-кылымда узакка созулган согуштардын натыйжасында Европа күчтөнүп, Осмон дөөлөтү алсырай баштады.
Кадырлуу китепкөйлөр, Халил Иналжыктын китебиндеги маалыматтардан Осмон империясынын классикалык доору деп билинген 1300-1600-жылдар аралыгында Осмон мамлекетинин чакан хандыктан күчтүү империяга айланганын көрдүк.
«Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)» китебинин «Мамлекет» деген темадагы экинчи бөлүмүндө Осмон дөөлөтүнүн мамлекеттик структурасы баяндалган. Бул бөлүмдө Осмон түрктөрүнүн таптык системасы боюнча маанилүү маалыматтар берилген. Осмондуктар негизинен аскердик жана «реайа» деген эки таптан турган. Өндүрүштө иштеген жана салык төлөгөн мусулман, христиан бардык жарандар «реайа» деп эсептелген. Аскердик тапка болсо түздөн-түз падышага баш ийген дин адамдары, бюрократтар жана алардын үй-бүлөөлөрү, туугандары жана кулдары, аскерлердин баары киришкен. Булар мамлекетке жасаган кызматына жараша салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотулуп, өзгөчө жеңилдиктерден пайдалана алышкан.
Реайа табына тиешелүү бирөөнүн абалынан кутулуп, аскердик тапка өтүш үчүн султандын атайын буйругу керек болгон. Реайадан аскердик тапка өтүү аябай кыйын болуп, мындай мүмкүнчүлүккө аскердик тапта күчтүү таанышы болгондор жана султандын казатына өз каалоосу менен катышкандар ээ болушкан. Султан Сулайман ата-бабалары аскердик таптан болбогон кишилер үчүн берилген салыкка байланыштуу жеңилдиктерди алып таштаган. Мамлекет үчүн өндүрүш жана салык өтө маанилүү болгондуктан, реайадан аскердик тапка өтүү мамлекеттин негизги принциптерин жокко чыгарууга барабар болгон. 17-кылымдагы осмон интеллигенциясынын өкүлдөрү ушундай жол-жободон баш тартууну империянын кыйрай башташынын себеби катары эсептешкен.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Осмон империясынын классикалык доору (1300-1600)» китебинде империянын экономикалык абалы, коомдук жашоосу менен диний жана маданий абалы да баяндалган. Осмон дөөлөтүнүн 300 жылдык тарыхын ар тараптуу тааныткан бул китеп, Осмон империясынын тарыхына кызыккандар жана тарыхчы адистер үчүн аябай баалуу булак десек жаңылышпайбыз.
Программаны даярдагандар Гүлдана Мырзакулова жана Абдрасул Исаков.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар