Сириядагы АКШ базасынын айланасында кол салуу болду

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ кенинин айланасында белгисиз куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар  менен кол салуу жасалды.

2053664
Сириядагы АКШ базасынын айланасында кол салуу болду

Сириянын чыгышындагы Дейризор  провинциясында АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ кенинин айланасында кол салуу болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ кенинин айланасында белгисиз куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар  менен кол салуу жасалды.

Кол салууларда  газ кенинде жабыркагандар болгон жок. 

Булактар Конико жакындарындагы жаратылыш газ куурунда да жарылуунун болгондугун билдиришти. 

Жарылуунун себеби азырынча белгисиз болуп, жаратылыш газ ташыган куурдан өрт чыкты. 

Бул абалдар боюнча АКШга таандык тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар уча баштады. 

Евфрат дарыясынын чыгышындагы Дейризор жерлери АКШ колдогон террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусунда, провинциянын борбору жана башка айыл аймактары Асад режими менен Иран колдогон топтордун көзөмөлүндө.

 

 



Тектеш кабарлар