Пакистандагы сел: 17 адам каза болду

Чукул жардам топторунун катуу жааган жамгырдан жабыркагандарга жардам берүү үчүн аракет кылып жаткандары айтылган билдирөөдө, жолдорду оңдоо иштеринин башталганы маалымдалды.

2133846
Пакистандагы сел: 17 адам каза болду

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында 3 күндөн бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан 17 киши каза болуп, 23 киши жаракат алды.

Пакистандын расмий кабар агенттиги Associated Press of Пакистандын маалыматына караганда, Пакистандын Аймактык табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын билдирүүсүндө, 3 күндөн бери уланып жаткан катуу жамгырдан 5и бала 17 кишинин каза болгону, 23 адамдын жаракат алганы, 148 бодо малдын кырылып калганы, 116 үйдүн зыянга учураганы жана кээ бир жолдордун транспортко жабылганы белгиленди.

Чукул жардам топторунун, нөшөрлөгөн жамгырдан жабыркагандарга жардам берүү үчүн аракет кылып жаткандары айтылган билдирөөдө, жолдорду оңдоо иштеринин башталганы маалымдалды.

Билдирүүдө жергиликтүү жетекчилерге жамгырдан жабыркагандарга тез арада каржылык колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилгени кабарланды.



Тектеш кабарлар