Зеленский Россиянын жаңы чабуулдарга даярданып жаткандыгын айтты

Владимир Зеленский Украинанын борбор шаары Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

2133868
Зеленский  Россиянын жаңы чабуулдарга даярданып жаткандыгын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын жаңы чабуулдарга даярданып жатканын жана бул чабуулдарды союздаштары менен бирге токтотуу керектигин айтты.

Владимир Зеленский Украинанын борбор шаары Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда Зеленский өнөктөштөрүнөн, өзгөчө АКШдан курал - жарак жөнөтүүнү күткөндөрүн айтты.

Орус армиясынын азыркы абалдан пайдаланып жаткандыгын баса белгилеген Зеленский : «Ушул себептен куралдардын ылдам тапшырылышы, фронт линиясында туруктуулуктун түзүлүшү деген мааниге келип жатат»,- деди.

Зеленский : "155-калибрдеги артиллерия, алыскы аралыкка атуучу курал-жарак жана абадан коргонуу, өзгөчө Патриот системалары. Булар биздин өнөктөштөрүбүздө бар жана эми Россиянын Украинадагы террордук амбицияларын жок кылуу үчүн иштеши керек. Орус армиясы жаңы чабуулдук аракеттерге даярданууда. Союздаштарыбыз менен бирге орус кол салууларын токтотушубуз керек», - деди.

Зеленский июль айында Вашингтондо боло турган НАТО саммитине токтолуп : «Бул саммит союздаштык үчүн бир күчболушу мүмкүн же болбошу да мүмкүн. Союздаштыктын бир душманынын НАТОнун күчтөнүшүн вето кылып же кылбай тургандыгына ал жерде чечим чыгарылат. Бул чечим Украина тууралуу чыгарылууда. Украина НАТОго кошулуу чакыруусуна ылайык»,- деди.

 



Тектеш кабарлар