Батыш Шериадагы кол салууларда 28 киши каза болду

Израиль армиясы эртең менен Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына чабуул жасады.

2049915
Батыш Шериадагы кол салууларда  28 киши каза болду

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары улантылып, Израиль аскерлери жана отурукташуучулардын Батыш Шериадагы кол салууларында  28 киши каза болду. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Фейсбук баракчасынан берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө оккупациядагы Батыш Шериадагы кол салууларда каза болгондордун саны 28ге, жаралуулардын саны 150гө жеткендиги белгиленди. 

Израиль армиясы эртең менен Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына чабуул жасады.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израилдин чоң аскердик күчтөрү Женин шаарына көптөгөн пункттардан кирди.

Израил армиясы рейдди алдын алууну каалаган палестиналык жаштарга  чыныгы жана желим окторду колдонуу менен жооп берди.

Эки топтун ортосундагы тирешүү кийинчерээк куралдуу кагылышууга айланды.

Оккупациялык күчтөр Хамас кыймылынын лидерлеринин бири Халид ал-Хажды шаардан чыга электе кармашты.

 



Тектеш кабарлар