Болгарияда орус номуру тагылган унааларга тыюу салынды

Европада орус номурлуу унааларга тыюу салган өлкөлөрдүн саны 8ге жетти.

2045761
Болгарияда орус номуру тагылган унааларга тыюу салынды

Болгария орус номуру тагылган унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Бажы агенттигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө, 10го чейин жүргүнчү ташыган орус номурлуу унааларга өлкө аймагына кирүүгө да, транзит менен өтүүгө да тыюу салынганы кабарланды.

Еврокомиссиянын сунушу менен ишке ашырылган жана Орусиянын Украинага каршы жүргүзгөн согушунан улам Орусияга киргизилген бул жаңы тыюуну көзөмөлдөөнүн Бажы агенттиги, Ички иштер министрлиги жана Чек ара полициясына жүктөлөрү айтылды. 

Тыюу салуунун Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө таандык унааларды камтыбай турганы белгиленди.

Өлкөдөгү орус номурлуу башка бардык унааларга Болгариядан чыгууга 6 ай убакыт берилгени жарыяланды.

Чек ара полициясынын начальниги Антон Златанов орус номурлуу унаалардан тышкары орус жарандарына тиешелүү айрым жеке мүлктөргө да тыюу салынарын, алардын тизмесинин кийинчерээк аныктала турганын билдирди.

Болгария менен бирге Европада орус номурлуу унааларга тыюу салган өлкөлөрдүн саны 8ге жетти.

Буга чейин Эстония, Латвия, Литва, Финляндия, Польша, Германия жана Европа Биримдигине (ЕБ) кирбеген бирок Шенген аймагына кирген Норвегияда да бул тыюу ишке ашырылган.



Тектеш кабарлар