Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
2133980
Кытайдын Жер орбитасына орноткон Тиенгонг (Асман сарайы) космос станциясындагы тайконавттар тобу 5 айлык миссиясын аяктап Жерге жетти.
Кытайдын космостук программа агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, тайконавттар Тан Хунбо, Тан Шинжи жана Цзян Шинлинди ташыган Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Жердин орбитасында 156 күн болгон тайконавттардын ден соолугунун жакшы экени билдирилди.
2023-жылдын 26-октябрында Шинкоу-17 космос кемеси менен космоско жөнөтүлгөн команда, Тиенгонг космос станциясына жөнөтүлгөн алтынчы тайконавт тобу болгон.
Бул топ 25-апрелде Шинкоу-18 шаттл менен станцияга жиберилген тайконавттар Йы Гуанфу, Ли Конг жана Ли Гуансудан турган жаңы тайконавттар тобу менен алмаштырылган.