Брюссель менен Палестинанын эки шаарынын ортосунда кызматташуу келишими

Бельгиянын борбор шаары Брюссель аймагы менен Палестинанын Рамалла жана аль-Бире шаарларынын ортосунда өнүгүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

2133945

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, келишимге Брюсселдин борбор шаар аймагынын премьер-министри Руди Верворт менен Рамалла жана Бире шаарынын губернатору Лайла Ганнам кол коюшту.

Израилдин Газа тилкесинде уланып жаткан кол салууларынан улам Брюсселге бара албаган Ганнам видео конференция аркылуу кол коюу аземине катышты.

Брюссель борбор шаар аймагы  менен Рамалла жана Бире шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылган келишимдин негизги багыттарын жергиликтүү өнүгүү, ишкердүүлүк, тарыхый мурастарды коргоо, социалдык укуктар жана дискриминацияга каршы күрөшүү түзүүдө. 

Келишимдин алкагында Рамалла жана Биреде жашаган болжол менен 400 миң кишинин жыргалчылыгы үчүн экономикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо жана илимий өнүгүү тармактарында изилдөөлөр жүргүзүлөт.

2022 - жылдын декабрь айында Брюсселдин борбор шаары басып алынган Палестина аймагын "Өнүгүүдөгү кызматташтык үчүн артыкчылыктуу аймак" катары тандаган.

Тектеш кабарлар