Финляндия орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды

Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен, маалымат жыйынында темага байланыштуу кабыл алынган чечимди билдирди.

2038050
Финляндия орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды

Латвия, Литва жана Эстониядан кийин Финляндия да бүгүн түн ортосунан тарта орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен, маалымат жыйынында темага байланыштуу кабыл алынган чечимди билдирди.

Валтонен бул темада дос өлкөлөр менен координациялангандарын белгилеп: «Тыюунун ишке ашырылышы, орус номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынарын билдирет»,-деди.

Эстониянын Хельсинкидеги элчиси Свен Сакков өзүнүн X аккаунтунда, Орусияда жашаган Евробиримдиктин жарандарынын тыюу салуудан бошотуларын маалымдады.

Чечимден кийин билдирүү бөлүшкөн Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна да коңшу өлкөлөр тарабынан кабыл алынган бул чечимдин кубатталганын айтты.



Тектеш кабарлар