Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден кеминде 3 киши каза болду

Фукусима провинциясында 1200 имарат суу астында калса, Ибараки провинциясында 157 жана Чиба провинциясында 37 аймакта жер көчкү жүрдү.

2035306
Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден кеминде 3 киши каза болду

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден кеминде 3 киши каза болду.

Бийликтен алынган маалыматка караганда, Ибараки провинциясынын Китайбараки жана Хитачиота шаарларында сел суусуна кабылган 2 адамдын жансыз денеси табылды.

Чиба провинциясындагы Отаки шаарында зыянды аныктоо иштерин жүргүзүп жаткан полиция кызматкери чатырдан кулап каза болгону билдирилди.

Фукусима провинциясында 1200 имарат суу астында калса, Ибараки провинциясында 157 жана Чиба провинциясында 37 аймакта жер көчкү жүрдү.

8-сентябрда Японияга жакындап келе жаткан «Юн-ён» тропикалык бороону өлкөнүн көп аймактарында нөшөрлөгөн жамгырга алып келди.

Кеминде 78 миң 418 киши эвакуацияланууга чакырылып, кээ бир поезд каттамдары токтотулду.

Токай аймагынан кургактыкка чыгаары жарыяланган бороон жээкке түшө электе таасирин жоготту.



Тектеш кабарлар