Кенияда селдерден каза болгондордун саны көбөйдү

Селдин борбор шаар Найробиге да таасирин тийгизгени, кээ бир жолдордун жабылганы, көптөгөн жердин суу астында калганы маалымдалды.

2133821
Кенияда селдерден каза болгондордун саны көбөйдү

Кенияда болжол менен 2 жумадан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдерден каза болгондордун саны 169га жетти.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, селдердин кесепеттери тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө нөшөрлөгөн жамгырдын айынан жүргөн селдерден каза болгондордун саны 169га жеткени, 91 кишинин дайынсыз жоголгондугу кабарланды.

Селдин борбор шаар Найробиге да таасирин тийгизгени, кээ бир жолдордун жабылганы, көптөгөн жердин суу астында калганы маалымдалды.

Өлкөнүн жалпысында 200 миңден ашуун кишинин тынымсыз жааган жамгыр жана селден жабыр тартканы баса белгиленди.

Кения темир жолдору, өлкө боюнча шаар четиндеги поезд каттамдарынын токтотулганын жарыялады.

Президент Уильям Руто, Улуттук Жаштар Кызматына селден жапа чеккендер үчүн убактылуу лагерлер катары пайдаланалышы максатында жер камсыздоону тапшырды.

Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Кениядан тышкары Танзания, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы да нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдерден терс таасирленүүдө.



Тектеш кабарлар