Грециядагы сел апаатында каза болгондордун саны 12ге жетти

Грециянын Өрткө каршы кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кардичада шаршемби күндөн бери дайынсыз жоголгон 58 жаштагы бир кишинин сөөгү табылды.

2035355
Грециядагы сел апаатында каза болгондордун саны 12ге жетти

Грециядагы сел апаатында каза болгондордун саны 12ге жетти.

Грециянын Өрткө каршы кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кардичада шаршемби күндөн бери дайынсыз жоголгон 58 жаштагы бир кишинин сөөгү табылды.

Пилиодо жоголгон адамдын жансыз денеси Эгрибогаздан табылды.

Ошентип сел кырсыгынан каза болгондордун саны 12ге жетти.

Ошол эле учурда Пинио дарыясындагы суунун көтөрүлүшүнө байланыштуу көп сандаган отурукташуу жери алдын алуу максатында эвакуацияланды.

Фессалия аймагындагы Кардича, Трикала жана Лариса шаарларында көптөгөн конуштар дагы эле суу астында.

Куткаруу иштери аба, кургактык жана жээк коопсуздук кемелери менен уланууда.

Премьер-министрликтин билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Кириакос Мицотакис бүгүн аймакта текшерүү жүргүзөт.



Тектеш кабарлар