Анна Маляр түштүк фронттогу Роботин айылын орус аскерлеринен бошоткондугун билдирди

Малярдын фронттогу абал тууралуу билдирүүсү Украинанын Коргоо министрлигинин Аскердик басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен бөлүшүлдү.

2029920
Анна Маляр түштүк фронттогу Роботин айылын орус аскерлеринен бошоткондугун билдирди

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр түштүк фронттогу Роботин айылын орус аскерлеринен бошоткондугун билдирди.

Малярдын фронттогу абал тууралуу билдирүүсү Украинанын Коргоо министрлигинин Аскердик басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен бөлүшүлдү.

Маляр украин армиясынын түштүк фронтунда орус аскерлерине каршы ийгиликке жетишкенин белгилеп: «Роботин куткарылды жана биздин аскерлер конуштан түштүк-чыгышты көздөй жылып жатышат»,-деп айтты.

Украина армиясынын чыгыш фронтто Бахмут багытында илгерилешин улантканын белгилеген Маляр: «Өткөн аптада дагы 1 чарчы километр аянт сакталды»,-деп өз билдирүүсүн жарыялады.

Маляр Бахмут багытында ушул кезге чейин жалпы 44 чарчы километр аянт сакталганын белгиледи.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага согуш жарыялаган.



Тектеш кабарлар