Песков Пригожин да каза болгон учак кырсыгы тууралуу божомолдордун бар экендигин айтты
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада күн тартиби тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Тверь аймагында Вагнер жаоланма аскер тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин да каза болгондугу билдирилген жеке учактын кыйрашына байланыштуу бир топ божомолдордун айтылгандыгын билдирди.
Песков борбор шаар Москвада күн тартиби тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Пригожиндин өлүмүнө Кремлдин тиешеси бар деген Батыш маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө жооп кайтарган Песков : "Албетте, бул учак кырсыгы жана жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде Пригожиндин трагедиялуу өлүмү боюнча көптөгөн божомолдор бар",- деди.
Песков окуя тууралуу Батышта жалган маалымат берилгендигин айтып : «Албетте, Батышта бул божомолдордун бардыгы белгилүү бир көз караш боюнча билдирилген. Булардын баары жалган. Бул маселени чечүүдө фактыларга гана таянуу керек”,- деди.
Россиянын президенти Владимир Путиндин окуя боюнча иликтөө башталганын жарыялаганын эске салган Песков : «Азырынча расмий жыйынтык жок. Натыйжалар даяр болгондо жарыяланат”,- деп билдирди.
Песков Путиндин акыркы убакта Пригожин менен эч кандай сүйлөшпөгөндүгүн, жаназа зыйнатына катышаары азырынча белгисиз экенин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Путиндин ортосунда күтүлгөн жолугушууга да токтолгон Песков : «Бул жолугушуу жакынкы аралыкта өтөт деген түшүнүк бар. Жарыяларды биз көбүнчө чет элдик өнөктөштөр менен координациялайбыз. Жакынкы убакта маалымат беребиз. Даярдык уланууда»,- деди.
Песков Путиндин сентябрда Индияда өтө турган чоң жыйырмалыктар саммитине катышпай тургандыгын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.