АКШда курал менен каза болгон балдардын санында өсүү

АКШда ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 2021 - жылы рекорддук деңгээлге жеткендиги жана ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн башкы себеби болгондугу билдирилди.

2027804
АКШда курал менен каза болгон балдардын санында өсүү

Америка Кошмо Штаттарында ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 2021 - жылы рекорддук деңгээлге жеткендиги жана ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн башкы себеби болгондугу билдирилди. 

Бул тууралуу 2021 - жылдагы маалыматтарды иликтеген изилдөөгө караганда, ок атуучу куралдан каза болгон балдардын санында 2021 - жылы андан мурунку бир жалга салыштырмалуу 8,8 пайызга өскөн.

Сөз болуп жаткан мезгилде 4752 бала ок атуучу куралдан каза болгон.

Ошондой эле 2018 - жылдан  2021 - жылга чейин ок атуучу куралдан каза болгон балдардын көрсөткүчү 41,6%га өскөндүгү аныкталды.

2021 - жылы ок атуучу куралдан каза болгон балдардын 84,8 пайызынын эркек балдар экени маалымдалды.

Ок атуучу куралдардын балдардын өлүмүнүн негизги себеби болууну уланып жатканын баса белгилеген изилдөө тууралуу  "Педиатрия" журналында жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар