АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын лидерлери чогулат
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер жазуу түрүндө маалымат берди.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Түштүк Корея жана Жапониянын лидерлери 18-августта АКШнын президенти Жо Байдендин кожоюндугунда жолугуп, Түндүк Корея жараткан коркунучту жана Индо-Тынч океандагы кызматташтыктарын талкуулашат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин 18-августта Вашингтондун жанындагы «Кэмп Дэвид» кампусунда Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёлды тосуп ала турганын айтты.
Байден, Юн жана Фумионун үч тараптуу лидерлер саммитинде карым-катнаштардагы «жаңы мезгилди» белгилей турганын айткан Жан-Пьер, лидерлердин Түндүк Корея жараткан коркунучтан тышкары Малайзия, Филиппин, Таиланд, Индонезия жана Сингапурду камтыган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы АСЕАН жана Тынч океан аралдары менен байланыштарды чыңдоо темаларын талкуулай тургандарын маалымдады.
АКШлык басма сөз катчы: «Саммит глобалдык жана аймактык коопсуздук чакырыктарын чечүү, эрежелерге негизделген эл аралык тартипти өнүктүрүү жана экономикалык гүлдөп-өнүгүү үчүн биргелешкен үч тараптуу көз карашты алдыга жылдырат»,-деди.