Сергей Лавров Түркиянын орус данынын муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлүшүн каалагандыгын айтты

Лавров Индонезиянын борбор шаары Жакартада өткөрүлгөн Россия - АСЕАН тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда орус басма сөзүнө билдирүү жасады.

2010957
Сергей Лавров Түркиянын орус данынын муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлүшүн каалагандыгын айтты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын орус данынын иштетилишин жана  муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлүшүн каалагандыгын айтты.

Лавров Индонезиянын борбор шаары Жакартада өткөрүлгөн Россия - АСЕАН тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда орус басма сөзүнө билдирүү жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путиндин Кара деңиз дан келишимине байланыштуу кээ бир сунуштары бар экенин айтканы эске салынышы менен Лавров, жаңы сунуштарды билбегендигин айтты.

Лавров : «Бул Россиянын президенти Владимир Путин менен Эрдоган көптөн бери сүйлөшкөн тема. Тактап айтканда бул Түркиянын жана биздин башта буудай болуу менен эң көп муктаж болгон өлкөлөргө дан жиберүү тууралуу башка келишимдерден көз карандысыз түрдө иштөөгө даяр болуубуз»,- деди.

Министр Лавров Түркиянын орус дандарынын иштетилиши жана муктаж болгон жакыр өлкөлөргө жардам берүүгө шарт түзө турган бир планга кошулуу менен алектенип жаткандыгын баса белгиледи.

Россия  - Украина согушуна да токтолгон Лавров тынчтык демилгелеринин ийгиликсиз болушу тууралуу Украинаны айыптап, Киев башкаруучулугунун ар кандай тынчтык демилгесин түздөн-түз четке каккандыгын айтты.

Украина кризисинин чечилишине байланыштуу бул айда боло турган сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтын ишенимсиз экенин белгилеген Лавров, Россиянын Украинада чечилиши керек болгон маселелердеги позициясынын өзгөрбөгөндүгүн баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар