Медведев:«3-дүйнөлүк согуш жакындап баратат»

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун лидерлер саммитине баа берди.

2010132
Медведев:«3-дүйнөлүк согуш жакындап баратат»

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев НАТОнун саммитинде Украинага курал-жарак жардамын көбөйтүү чечимине жооп кайтарып:«Бул туюк көчө. 3-дүйнөлүк согуш жакындап баратат»,-деди.

Медведев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун лидерлер саммитине баа берди.

Украина НАТОго эч качан кабыл алынбай турганын жактаган Медведев:«Альянстын реалисттери дал ушул нерсени катуу айтуудан коркушат. Мындан тышкары, Киев режимине курал-жарак, ракеталар, кассеталык бомбалар жана учактар ​​ар тараптан көбөйтүлөт»,-деп айтты.

Медведев Батыштын «оолуккан» экенин баса белгилеп:«Батыш, оолуккан абалда, башка эч нерсе ойлоно алган жок. Бул туюк көчө. 3-дүйнөлүк согуш жакындап баратат»,-деп айтты.

Бул жыйынтыктардын Орусия үчүн маанисинин да ачык экенин белгилеген Медведев:«Атайын аскердик операция мурдагыдай эле максаттар менен улантылат. Алардын бири Киевдик фашисттик топтун НАТОго мүчөлүгүнөн баш тартуу, муну биз башынан эле талап кылып келгенбиз, бул мүмкүн эмес. Ошондуктан бул топту жоюу керек, бул болсо мүмкүн жана зарыл»,-деп өз баасын берди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, НАТОнун Литвадагы саммитинде жарыялаган билдирүүсүндө альянстын Орусия менен кагылышууну көздөбөй турганын белгиленгенин эске салып:«Албетте, НАТО Орусия менен кагылышууну көздөбөйт. НАТО ага жөн гана катышып жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар