Украинадан Түркияга мактоо

Шмигал Англиянын кожоюндугунда борбор шаар Лондондо өткөрүлгөн «2023-жылы Украинаны калабына келтирүү конференциясынын» алкагында маалымат жыйынын өткөрдү.

2003253
Украинадан Түркияга мактоо

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда Түркиянын ортомчулук аракеттерин жогору баалап: «Түркия колдогон Кара деңиз дан демилгесине ыраазыбыз»,-деди.

Шмигал Англиянын кожоюндугунда борбор шаар Лондондо өткөрүлгөн «2023-жылы Украинаны калабына келтирүү конференциясынын» алкагында маалымат жыйынын өткөрдү.

Премьер-министр Шмигал, Түркиянын ортомчулук аракеттерине байланыштуу: «Түркия биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш, коңшу өлкө»,-деп жооп берди.

Украинаны колдогон бардык өнөктөштөрдүн жана союздаштардын аракетин жогору баалаган Шмигал, өлкөсүнүн дагы бир жолу өз эркиндиги жана жашоосу үчүн күрөшүп жатканын билдирди.

Шмигал Кара деңиз дан демилгесине токтолуп: «Түркия тарабынан колдоого алынган Кара деңиз дан демилгесине ыраазыбыз жана бул демилге баарыбызды, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн, Африка өлкөлөрүн жана дүйнөнүн Европа өлкөлөрүн Украинадан эң керектүү данга жеткирди»,-деди.

Орусиянын Украинага кол салуусунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында Бириккен Улуттар Уюму, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылы 22-июлда Стамбулда өткөрүлгөн аземде Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшкан. 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта 120 күнгө узартылган келишимдин 18-мартта кайрадан узартылышына чечим чыгарылган.



Тектеш кабарлар