Өткөн жылдагы кагылышууларда 33 миң жаран каза болду

Жалпы дүйнөдөгү кагылышууларда жарандык өлүмдөр 2023-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 72 пайызга өсүү менен 33 миң болуп катталды.

2142578
Өткөн жылдагы кагылышууларда  33 миң жаран каза болду

Жалпы дүйнөдөгү кагылышууларда жарандык өлүмдөр 2023-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 72 пайызга өсүү менен 33 миң болуп катталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана чукул жардам боюнча координатордун орун басары Жойс Мсуя БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн сессияда баш катчы Антонио Гутерриштин кагылышууда жарандарды коргоо боюнча жылдык баяндамасы тууралуу маалымат берди.

Мсуя 2023 - жылдын кагылышууларда жарандарды коргоо боюнча жаман жыл болгонуна көңүл буруп, Хамастын 7 - октябрдагы кол салуусу жана Израилдин Газада ал күндөн  бери уланып жаткан кол салууларынын натыйжасында мурда болуп көрбөгөндөй өлүм, кыйроолор жана кыйынчылыктын болгонун белгиледи.

«Газа калкынын 75 пайызы мажбурлоо менен жер которду»,- деген Мсуя адам колу менен жасалган ачарчылыктын жакын экендигин билдирди.

Жойс Мсуя Газада он миңдеген кишинин өлтүрүлгөндүгүн жана «балдарга карата согуштун» ортого чыккандыгын белгиледи.

2023 - жылы Суданда коркунучтуу кагылыш болоорун эске салган Мсуя он миңдеген жарандын өлтүрүлгөндүгүн, миңдеген кишинин жараланганын айтты.

Мсуя бир тараптан Конго Демократиялык Республикасы, Мьянма, Нигерия, Сахел, Сомали, Сирия жана Украинада уланып жаткан кагылышуулардын жарандарга тийгизген таасирине көңүл буруп: «БУУ өткөн жылы 33 миң жарандын өлүмүн каттады. Реалдуу көрсөткүчтөр мындан да жогору деп ойлойм. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 72 пайызга көп", - деди.

 



Тектеш кабарлар