Перудагы кырсык: 11 адам каза болду
Паско аймагынан келе жаткан жүргүнчү автобусу Хуануко шаарында каршы багытта келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүштү.
2142571
Түштүк Америка өлкөсү Перуда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагышуусунан 11 киши каза болуп, 8 киши жаракат алды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Паско аймагынан келе жаткан жүргүнчү автобусу Хуануко шаарында каршы багытта келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүштү.
Кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды.
Окуяда жүк ташуучу унаанын айдоочусу шалаакылык кылган деген негизде камакка алынды.