Япониянын эң ири оюн жана оюнчуктар жарманкеси башталды

«Big Sight» эл аралык көргөзмө залында эшигин ачкан жарманкеге Япониядан тышкары 150 чет элдик фирма катышууда.

1997258
Япониянын эң ири оюн жана оюнчуктар жарманкеси башталды

Япониянын эң чоң оюн жана оюнчук соода жарманкеси “Tokyo International Toy Show 2023” баш калаа Токиодо башталды.

«Big Sight» эл аралык көргөзмө залында эшигин ачкан жарманкеге Япониядан тышкары 150 чет элдик фирма катышууда.

Келгендер куурчак, поезд жана унаа, плюш, кино жана мультфильм каармандары, электроника, техника, жыгач, табигый жана жарнамалык сыяктуу тармактарда жаңы оюнчук дизайндарын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жарманкеде балдардын дүйнөсүн кызыктырган фестиваль жана кече буюмдарынан мектеп куралдарына, интеллектти арттыруучу оюндардан спорт жана сырткы буюмдарга, хобби буюмдарынан лицензиялуу продукцияга чейин 35 миңден ашуун продукция коюлган.

Алгачкы эки күн 8-9-июнь күндөрү эл аралык басма сөз жана оюн индустриясынын өкүлдөрү үчүн гана өткөрүлө турган жарманке 10-11-июнь күндөрү бардык конокторго ачылат.



Тектеш кабарлар