Британиядан Украинага колдоо

Өлкөнүн Украинага бөлө турган кошумча 500 миллион долларлык каражат менен бирге быйылкы колдоосу 1 миллиард долларга жеткен болот.

1974461
Британиядан Украинага колдоо

Британия Украинага 500 миллион долларлык кошумча каражат үчүн кепилдик берерин жарыялады.

Британиянын Каржы министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн Украинага бөлө турган кошумча 500 миллион доллар каражат менен бирге быйылкы колдоосу 1 миллиард долларга жеткен болот.

Улуу Британиянын Украинага убада кылган жалпы колдоосу 6,5 миллиард фунт стерлингге (8,1 миллиард доллар) жетет.

Жаңы фонд Украинанын экономикалык муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде маанилүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Британия ошондой эле Эл аралык валюта фондунун жакырчылыкты кыскартуу жана өсүү ишеними аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өсүштү колдоо үчүн кошумча 670 миллион бөлүүгө убада берди.



Тектеш кабарлар