Япониянын премьер-министри Варшавада

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Польшада жолугушкандан кийин билдирүү жасаган Моравецки жаңы геосаясий тартиптин пайда болгонун айтты.

1963493
Япониянын премьер-министри Варшавада

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапарынын “тынчсыздандыруучу” экенин билдирип: «Кытайды Орусиянын агрессивдүү эл аралык саясатын колдобоого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз»,-деди.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Польшада жолугушкандан кийин билдирүү жасаган Моравецки жаңы геосаясий тартиптин пайда болгонун айтты.

Япониянын Азиядагы, Польшанын болсо Европадагы коопсуздук үчүн маанисине токтолгон Моравецки, Киевге болгон сапары үчүн Кишидага ыраазычылык билдирди.

Кишиданын Киевге сапарынын эркиндикке жана демократияга колдоо көрсөтүүнүн символу экенин баса белгилеген Моравецки, империализмдин коркунучтарын билип тургандарын айтты.

Тынчтык, ырааттуулук жана эркиндик темасында Япония менен окшош көз карашта экендерине көңүл бурган Моравецки, эки өлкөнүн дагы да тыгыз кызматташуусу керектигин билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапарынын тынчсыздандырганын билдирген Моравецки: «Биз Кытайды Орусиянын агрессивдүү эл аралык саясатын колдобоого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар