НАТО Түркиянын Финляндия чечимин кубаттайт

Столтенберг, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги үч тараптуу жолугушуудан мурда орток маалымат жарыялашты.

1962504
НАТО Түркиянын Финляндия чечимин кубаттайт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколунун ратификация процессин Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) баштоо чечимин кубаттагандарын айтты.

Столтенберг, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги үч тараптуу жолугушуудан мурда орток маалымат жарыялашты.

Түркиянын Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколунун ратификация процессин Түркия Улуу Улуттук Жыйынында баштоо чечимин кубаттагандарын белгилеген Столтенберг:«Биз Финляндиянын бекитилишин аяктоодо жетишилген прогрессти кубаттайбыз жана мындан ары да талыкпай иштей беребиз»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Европада азыраак НАТОнун болушун максат кылып Украинага кол салганын белгилеген Столтенберг: «Мунун тескерисинче, Европада НАТО көбүрөөк болот»,-деп өз баасын берди.

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто Түркиянын чечимин кубаттагандарын жана Венгрия парламентинен да бекитүүнү күткөндөрүн баса белгиледи.

Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен да өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу оң жылыштар болгонун эске салып: «Албетте, биз Швеция да ошол эле учурда кошулат деп үмүттөндүк, бирок бул азыр мүмкүн эмес. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Андыктан Швецияны мүмкүн болушунча тезирээк мүчө болушу үчүн талыкпай иштешибиз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар