Еврпа Биримдиги мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча макулдашты

Урсула фон дер Ляйен менен Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель эки күнгө пландалган бирок бир күндө аяктаган саммиттин акырында маалымат жыйын өткөрүштү.

1945047
Еврпа Биримдиги мыйзамсыз миграция менен  күрөшүү боюнча макулдашты

Европа Биримдиги  өлкөлөрүнүн лидерлери мыйзамсыз миграцияга каршы чек араларды бекемдөө, кирешелерди көбөйтүү жана Европа Биримдигинин ичиндеги тилектештикти арттыруу сыяктуу маселелер тууралуу көбүрөөк иштешүү боюнча  макулдашты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн жана бир бөлүмүнө Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышкан Европа Биримдигинин  атайын саммити миграция жана экономика темалары талкууланган отурумдардан кийин аяктады.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель эки күнгө пландалган бирок бир күндө аяктаган саммиттин акырында маалымат жыйын өткөрүштү.

Фон дер Ляйен миграция тууралуу бир канча жылдан бери күн тартибинде боло турган бирок Европа Биримдиги өлкөлөрү азырынча макулдаша элек Миграция жана башпаанек  келишими тууралуу учурдагы  Швеция жана андан кийин Испаниянын Европа Биримдигиндеги кезектешкен башкаруучулугунда аткарыла турган иштерди ылдамдатуу жана жыйынтыктоо чечимин кабыл алгандарын айтты.  

Өзгөчө мыйзамсыз миграцияны алдын алуу үчүн чек араларды бекемдөө чечимин чыгаргандарын белгилеген Фон дер Ляйен ушул максатта эки пилоттук долбоорду ишке ашыра тургандарын жарыялады.

Фон дер Ляйендин берген маалыматына караганда, күзөт мунаралары, камералар, электрондук чек ара көзөмөлдөө технологиялары жана унаалар сыяктуу инфраструктура күчөтүлөт. Аларды ишке ашырууда Европа Биримдигинин каражаттарынан тышкары улуттук фонддордон да пайдаланылат.

Өзгөчө ылдам жана адилеттүү башпаанек  алуу жана башпаанек үчүн кайрылуусу кабыл алынбагандарды өлкөлөрүнө кайра жиберүү процедураларынынишке ашырылышы үчүн пилоттук долбоор баштатылат. Бул долбоорду Frontex, Europol жана Европа Биримдигинин башпаанек агенттиги колдойт.

Башпаанек үчүн кайрылуусу кабыл алынбаган кишилердин ылдам түрдө кайтышына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн аракет кылынат. Бир Европа Биримдиги өлкөсүндө чыгарылган кайра кайтаруу чечими башка Европа Биримдиги өлкөлөрүндө да жарактуу болот.

Башпаанек каалаган бир киши башка бир Европа Биримдиги өлкөсүндө кайрадан кайрыла турган болсо кайрылуу процесстери жаңыдан башталбайт.

Фон дер Ляйен Европа Биримдиги лидерлеринин "коопсуз өлкөлөрдүн тизмесин" көбүрөөк колдонуу боюнча макулдашкандарын билдирди.  Ушуга караганда Европа Биримдиги тизмеси  түзүлөт. Тизмеде коопсуз өлкөлөр белгиленет. Бул өлкөлөрдөн келип башпаанек үчүн кайрылгандардын арыздарынын көпчүлүгүнүн   кабыл алынбай турганы каралат.



Тектеш кабарлар