Ульф Кристерссон Түркияга каршы провокацияларга,  Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады

Швециянын премьер  - министри Ульф Кристерссон Түркия жана исламга каршы кыймылдардын швециялыктардын коопсуздугу үчүн  коркунучтуу жыйынтыктарды жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

1940373
Ульф Кристерссон Түркияга каршы провокацияларга,  Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады

Швециянын премьер  - министри Ульф Кристерссон : "Түркия жана исламга каршы кыймылдардын Швециянын дүйнөдөгү имиджи жана өлкө тышында жашаган швециялыктардын коопсуздугу үчүн  коркунучтуу жана опурталдуу жыйынтыктарды жаратышы мүмкүн экендигин көрдүк",- деди.

Ульф Кристерссон  саясий партиялардын лидерлери менен басма сөзгө жабык өткөргөн жолугушуудан кийин өлкөсүндө ПКК/ЙПГ терордук уюмунун колдоочулары тарабынан уюштурулган Түркияга каршы провокацияларга,  Курандын өрттөлүшүнө жана Швециянын НАТОго кайрылуу процессине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Акыркы бир нече жумадан бери борбор шаар Стокгольмда болгон окуялардын  Швециянын коопсуздугун баш  - аламан абалга алып келгендигин айткан Кристерссон буларды айтты : "Президент Эрдоганга окшотулган бир оюнчук кукланын бутунан асылгандыгын жана андан кийин Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Куран Каримдин өрттөлгөндүгүн көрдүк. Швецияда бир канча жумадан бери мыйзамдуу болгонуна карабастан кичинекей топтордун жана жеке адамдардын  кылган кыймылдары жалган маалымат кампаниясына айланды. Швецияны ислам душманы өлкө катары көрсөттү. Мунун Швециянын дүйнөдөгү имиджи жана өлкө тышындагы швециялыктардын коопсуздугу үчүн канчалык коркунучтуу жана опурталдуу жыйынтыктарды жаратышы мүмкүн экендигин көрдүк". 

Кристерссон бул кыймылдардын Швецияга каршылардын ишине жарай тургандыгын белгилеп, бул кыймылдарды аткаргандарды "пайдаланууга боло турган акмактар"деп  аныктады.

 

 



Тектеш кабарлар