Орусиянын Днепрге кол салуусунан 20 киши набыт болду

Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус күчтөрүнүн Днепрге ракеталык кол салуусу болгону белгиленди.

1932744
Орусиянын Днепрге кол салуусунан 20 киши набыт болду

Орус армиясынын Украинанын Днеприне ракеталык кол салуусунда каза болгон жарандардын саны 20га жетти.

Украина Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирило Тимощенко өзүнүн Telegram баракчасында орус армиясынын кечээ Днепр шаарындагы 9 кабаттуу турак жайга жасаган ракеталык кол салуусунда каза болгон жарандардын саны 20га жеткенин бөлүштү.

Тимощенко каза болгондордун арасында бир бала бар экенин белгиледи.

Кыйраган аймакта издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Тимощенко, 6 баланын таңга чейин урандылардын астынан куткарылганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Тимощенко окуяда 73 кишинин жараланганын жана кол салуу болгон имаратта 400гө жакын жарандын жашаганын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлеринин кечээ кечинде Днепрге болгон чабуулуна жооп кайтарды.

Кол салуунун натыйжасында 9 кабаттуу имарат талкаланганын айткан Зеленский ракеталык чабуулду теракт катары мүнөздөдү.

Өнөктөш өлкөлөрдү Украинаны курал менен колдоого чакырган Зеленский Орусиянын чабуулдарын токтотуу фронтто согушуу менен гана мүмкүн экенин айтты.

Зеленский орус күчтөрү кечээ анын өлкөсүнө учурган 30га жакын ракетанын 20дан ашыгы Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын белгиледи.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко кечээ эртең менен шаардын Днепр районунда жардыруу үндөрү угулганын билдирди.

Киевдин Холосиев районуна да ракета сыныктарынын түшкөнүн белгилеген Кличко, бул райондо адам өлүмү болбогонун айтты.

Орусиянын өлкөнүн ар кайсы аймактарына  ракеталык чабуулдарында энергетикалык инфраструктуралар зыянга учурап, өзгөчө Харьков жана Киев аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.



Тектеш кабарлар