Жо Байдендин жубайы операция болду

Ак үйдүн дарыгери Кевин О'Коннор билдирүүсүндө Жилл Байдендин денесиндеги жаралар тери рагынын кеңири таралган түрү экендигин белгиледи.

1931607
Жо Байдендин жубайы операция болду

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байдендин денесинде рак коркунучун ташыган жаралардын бар экендиги жана буларды алуу үчүн операция болгондугу билдирилди. 

 Ак үйдөн жасалган билдирүүдө 71 жаштагы Жилл Байдендин тери рагын текшерүү үчүн барган Уолтер Рид улуттук медициналык борборунда оң көзү менен көкүрөгүндө ракка айланышы мүмкүн болгон жаралардын аныкталгандыгы белгиленди.

Жараларды алуу  үчүн Жилл Байденге операция жасалганы жана операциянын ийгиликтүү өткөнү маалымдалды.

9 саатка созулган операциядан кийин Ак үйгө кайтып келген Жилл Байдендин абалынын жакшы экендиги жана Жо Байдендин жубайын ооруканада коштоп жүргөндүгү билдирилди. 

Ак үйдүн дарыгери Кевин О'Коннор билдирүүсүндө Жилл Байдендин денесиндеги жаралар тери рагынын кеңири таралган түрү экендигин белгиледи.

О'Коннор Жилл Байдендин сол кабагындагы үчүнчү жаранын да алынып, экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар