Германияда экологдор полиция менен кагылышты

Лютцерат айылын кошумча күчтөр менен курчаган полиция катуу бороон жана жамгырга карабай каршылык көрсөткөн митингчилерди кармап, камакка алды.

1931807
Германияда экологдор полиция менен кагылышты

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия  штатында «лигнит айылы» деп аталган Лютцератта эвакуациялана баштаган экологдор каршылык көрсөтүп, фейерверк, таш жана консерва кутулуары  менен полицияга кол салышты.

Лютцерат айылын кошумча күчтөр менен курчаган полиция катуу бороон жана жамгырга карабай каршылык көрсөткөн митингчилерди кармап, камакка алды.

Көптөгөн полиция кызматкерлери катышкан операцияда активисттер кээ бир имараттарга киришип, баррикада курушту.

Экологдор кээде фейерверк, таш жана консерва кутулары менен полицияга кол салышты.

Аты аталган аймакта азыр да 300гө жакын экологдун бар экендиги болжолдолууда.

Германия өкмөтү көмүр менен иштеген ТЭЦтерди 2030-жылга чейин жабуу чечимин чыгарган. Бирок 24 - февралдан бери келе жаткан  жаткан Россия -Украина согушунан улам Россиядан жаратылыш газ сатып алууну токтоткон Германия энергия менен камсыз кылуу үчүн альтернативдүү жолдорду издеп жатат.

Өкмөт кээ бир көмүр ишканаларын электр энергиясына кайра кошуу жана жабылышы пландалган айрым ишканалардын иштөө мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды.



Тектеш кабарлар