АКШда болгон сел жана жер титирөө

Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында болгон сел апаатында эки адам каза болду.

1927151
АКШда болгон сел жана жер титирөө

Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында болгон сел апаатында эки адам каза болду.

Сакраментодогу чукул жардам топтору селден улам чыга албай калган көптөгөн адамдарды тик учак менен коопсуз аймактарга жеткирди.

Жамгыр таасирдүү болгон Калифорния жана Невада штаттарында болжол менен 235 миң үй жана ишкананын электр жарыгысыз калганы билдирилди.

Бир тараптан жер титирөө боюнча изилдөө жүргүзгөн АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда Калифорния штатындагы Рио Делл шаарында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Рио Делл муниципалитети тарабынан жасалган билдирүүдө жер титирөөдөн улам  аймакта 100гө жакын үйдүн зыянга учураганы белгиленди.

Билдирүүдө жер титирөөдөн улам шаар тургундарынын жарымынын электр жарыгы жана 30 пайызынын суусунун үзгүлтүккө учурагандыгы  маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар