Песков: "Дан келишиминин узартылышы боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат"

Песков борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

1907055
Песков: "Дан келишиминин узартылышы боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дан келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча иш-аракеттердин уланып жатканын белгиледи.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, 19-ноябрда аяктай турган дан келишиминин узартылышы боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтты.

Адистердин теманын үстүндө тыгыз иштеп жаткандарын түшүндүргөн Песков: «Белгилүү болгондой, келишимге байланыштуу негизинен орус продукцияларын да экспорттоого чектөөлөрдү алып салуу боюнча макулдашуулар жөнүндө сөз болуп жатат. Бириккен Улуттардын Уюму менен конструктивдүү байланыштар бар»,-деди.

Орус продукцияларына чектөөлөрдү камтыган сүйлөшүүлөрдүн чечилишин күткөндөрүн белгилеген Песков: «Дан келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча оң жылыштар бар, бирок буга чейинки макулдашуулардын толук аткарылышын камсыз кылуу зарыл», - деп айтты.

Басма сөз катчысы Песков 15-ноябрда Польшанын Украина менен чектеш Пржеводов кыштагында болгон ракеталык соккуга да токтолуп: «Биз эч кандай реалдуу маалыматтарга негизделбеген дагы бир истерикалык, жалындуу антироссиялык реакцияга күбө болдук. Ал тургай ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү эмне болуп жатканын так түшүнбөй билдирүү жасашты»,- деди.

«Түндүк Агым» куурларына каршы саботажда ушундай  реакцияга кабылбагандарын баса белгилеген Песков: «Ал кезде мындай реакция болгон эмес жана диверсияны ким уюштурганын табууга эч ким шашкан эмес»,-деп айтты.

Песков, окуяларга байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) токтоо мамилесин оң баалагандарын белгилеп: «АКШ тараптын жана АКШ президентинин өлчөнгөн жана профессионалдуу жообуна көңүл буруунун мааниси бар. Мен АКШнын Польша жана башка өлкөлөрдүн толугу менен истерикалык реакциясына карама-каршы келген токтоо жообуна көңүл бургум келет»,-деди.



Тектеш кабарлар