Милли : "Украинада 100 миңден ашуун орус аскери каза болду же жараланды"

Милли Нью - Йорктогу "Экономикалык клубда" сөз сүйлөп, Россиянын Херсондон чыккандыгын айтты.

1904697
Милли : "Украинада 100 миңден ашуун орус аскери каза болду же жараланды"

Америка Кошмо Штаттарынын  Башкы штабынын төрагасы, генерал Марк Милли Украинада 100 миңден ашуун орус аскеринин каза болгонун же жарадар болгонун билдирди.

Милли Нью - Йорктогу "Экономикалык клубда" сөз сүйлөп,  Россиянын согуштун башында басып алган Украинанын Херсон шаарынан чыккандыгын жана  кыш мезгилинде "согушта ыктымалдуу бир тыгындын" эки өлкөгө да  тынчтык сүйлөшүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн экендигин белгиледи. Россиянын  Херсондо 20 - 30 миң аскери менен толук чегинүүсүнүн бир нече аптага созулушу мүмкүн экенин айткан Милли, орустардын бул чегинүүнү аскерлерин жазгы кол салууга даярдоо үчүн колдонушу мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурду.

Милли : «Муну Днепр дарыясынын түштүгүндө коргонуу линияларын кайрадан куруу үчүн күчтөрүн коргоо максатында жасагандарына ишенем»,- деди.

«Россия менен Украинанын ортосунда 9 айдан бери болуп келе жаткан согушта 40 миңге жакын украиналык жаран, 100 миңден ашуун орус аскери өлтүрүлдү же жараланды»,- деген Милли Украна тарабында да ушундай сандын болушу мүмүкн экендигин белгиледи.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар