Эл аралык космос станциясына жүк ташыган аппарат бузулду

4 тонна жүктү ташыган Cgynus аппарат кечээ эртең менен АКШнын Виржиния штатынан жөнөтүлгөн.

1903843
Эл аралык космос станциясына жүк ташыган аппарат бузулду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Эл аралык авиация жана космос агенттиги (NASA) менен АКШда жайгашкан космос жана коргонуу технологиялары фирмасы Northrop Grumman тарабынан Эл аралык космос станциясына (ЭКС) жөнөтүлгөн Cygnus жүк ташуучу аппаратында бузулуу болду.

Ичинде космос изилдөөлөрүндө колдонула турган жабдыктар менен ЭКС экипажы үчүн керектүү материалдарды камтыган 4 тонна жүктү ташыган Cgynus аппараты кечээ эртең менен АКШнын Виржиния штатынан жөнөтүлгөн.

НАСАнын билдирүүсүндө эртең ЭКСке жетиши күтүлгөн аппараттын күн энергиясы системасынын бирөөсүнүн гана ачылганы белгиленди.

Билдирүүдө Northrop Grumman компаниясынын бузулуунун себебин аныктоо үчүн аппараттын иштеши боюнча маалыматтарды чогултканы айтылды.

Бир тараптан, үзгүлтүккө карабастан Cgynus белгиленген убакта ЭКСке жетүүсү үчүн жетиштүү энергияга ээ экени белгиленди.

Эл аралык космос станциясына керектүү материалды ташыган жүк ташуучу «Cgynus» кемеси кайра Жерге кайтып келбейт.

Станциядан чыгар алдында бул жерде өндүрүлгөн калдыктар жүктөлгөн жүк ташуучу аппарат жердин атмосферасында күйүп жок болот.



Тектеш кабарлар