Путин санкциялар жана согуштан улам бардык тармактарда жогорку темпте иштөө зарылчылыгын билдирди

Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өкмөт тарабынан түзүлгөн координациялык кеңештин биринчи онлайн жыйынында сөз сүйлөдү.

1897881
Путин санкциялар жана согуштан улам бардык тармактарда жогорку темпте иштөө зарылчылыгын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин аларга каршы экономикалык санкциялар жана Украинадагы согуштан улам өлкөдөгү бардык тармактарда жогорку темпте иштөө жана жалпы кырдаалга реалдуу баа берүү зарылчылыгын билдирди.

Владимир Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өкмөт тарабынан түзүлгөн координациялык кеңештин биринчи онлайн жыйынында сөз сүйлөдү.

Путин Украинада экономика тармагындагы чектөөлөр жана «атайын аскердик операцияга» байланыштуу чечим кабыл алуу процесстеринин жаңыланышы керектигин жана өлкөдөгү мекеме жана уюмдардын координациясына карай иштей тургандарын айтты.

Путин: «Бизге бардык тармактарда жогорку темп керек жана жалпысынан кырдаалга абдан реалдуу баа берүү керек. Бул түздөн-түз атайын аскердик операцияларга гана эмес, иш жүзүндө биздин бардык тармактардагы ишибизге тиешелүү»,-деди.

Орусиянын коопсуздугуна токтолгон Владимир Путин өлкөдө олуттуу жана маанилүү жаңы чакырыктар бар экенине көңүл буруп, бул жагдай Коргоо министрлиги менен күч түзүмдөрүнө тиешелүү экенин белгиледи.

Орус лидери бул мекемелерди жаңы форматта иштөөгө ыңгайлаштырып, бюрократиялык процедураларга баш калкалоону талап кылуу керектигин, антпесе эч кандай багытта каалаган натыйжага жетишпей турганын билдирди.

Бир тараптан Орусиянын президенти Путин кол койгон жарлыкка ылайык, 8-марттан тарта убактылуу күчүнө кирген «чет өлкөлөр менен соодада ар кандай чектөөлөр» келерки жылдын аягына чейин узартылды.

Орус өкмөтү 200дөн ашык продукцияны, анын ичинде технология, телекоммуникация, медицина, автоунаа, айыл чарба жана электр жабдууларын экспорттоого тыюу салган.



Тектеш кабарлар