Беларуска биринчи орус аскердик группа келди
"Аскерлер нан жана туз менен жылуу тосуп алынды"
1893235
Беларусь коргонуу министрлиги Россия менен түзүлгөн аймактык биргелешкен аскердик группанын негизиндеги биринчи группанын орус аскерлеринин биринчи тобу өлкөгө келгенин билдирди. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Россия менен курулган биргелешкен аскердик группага байланыштуу маалымат берилдин.
Биринчи группадагы орус аскердик конвоюнун Беларуска баргандыгы белгиленген билдирүүдө : "Аскерлер нан жана туз менен жылуу тосуп алынды",- деп билдирилди.
Беларустун президенти Александр Лукашенко 10 - сентябрда Россия менен биргелешкен айматык аскердик бөлүктүн түзүлүшү тууралуу келишимдин түзүлгөндүгүн жарыялаган. Лукашенко кечээки билдирүүсүндө өлкөсүндө "жогорку террордук коркунуч" абалына өтүлгөндүгүн айткан.