Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын Чыгыш деңизге «белгисиз» баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

1892624
Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Түндүк Кореянын Чыгыш деңизди көздөй баллистикалык ракета учурганы кабарланды.

Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын Чыгыш деңизге «белгисиз» баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, баллистикалык ракета учурулардан мурда Түштүк Кореянын аба мейкиндигинин 25 километр түндүгүндө Түндүк Корея аба күчтөрүнө таандык 10 согуштук учактын аныкталганы белгиленди.

Билдирүүдө Түштүк Кореянын Түндүк Кореянын учактарына 12 даана «Ф-35А» согуштук учагы менен жооп кайтарганы кабарланды.

Түндүк Корея болсо буга чейинки билдирүүсүндө, акыркы күндөрдө ишке ашырган ракеталык сыноолорунун «өзүн-өзү коргоо» экенин айткан эле.

Белгилүү болгондой, Пхеньян башкаруучулугу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдорун бузуу менен 2022-жылдын башынан бери ар түрдүү аралыктагы 20дан ашык баллистикалык ракета сыноосун өткөрдү.



Тектеш кабарлар