Путин АКШны айыптады

Путин Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

1880525
Путин АКШны айыптады

Орусиянын президенти Владимир Путин “Бирдиктүү Кытай” саясатын колдогондорун билдирип: «АКШнын жана анын жандоочуларынын Тайвань кысыгындагы провокацияларын айыптайбыз»,-деди.

Путин Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Путин Си Цзиньпин менен жолугушуусунун башталышында сүйлөгөн сөзүндө Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмүнүн жакында 200 миллиард долларга жетээрин белгиледи.

Кытайдын Украина темасындагы мамилесине канааттангандарын баса белгилеген Путин: «Кытайлык досторубуздун Украина кризиси темасындагы тең салмактуу мамилесин жогору баалайбыз. Бул маселе боюнча сиздердин суроолоруңуздарды, тынчсызданууларыңызды билип турабыз жана бүгүнкү жолугушууда сиздерге мамилебизди кеңири түшүндүрөбүз»,-деди.

Тайвань темасында болсо АКШны сынга алган Путин: «Бирдиктүү Кытай принцибин колдойбуз. Америка Кошмо Штаттарынын жана анын жандоочуларынын Тайвань кысыгындагы провокацияларын айыптайбыз»,-деп билдирди.

Путин бир уюлдуу дүйнө түзүү аракеттерин болсо дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн кабыл алынгыс экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар