Столтенберг Түркияга ыраазычылык билдирди

Столтенберг Украина данын ташуу процессине байланыштуу билдирүү жасады.

1862108
Столтенберг Түркияга ыраазычылык билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, дан кризисинин чечилишиндеги ролу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Столтенберг социалдык медиа эсебинен Украина данын ташуу процессине байланыштуу билдирүү жасады.

Келишимдин алкагында биринчи жүктүн Одессадан башталганын белгилеген Столтенберг: «Шериктешибиз Түркияга негизги ролу үчүн ыраазычылык билдиргим келет»,-деди. 

Столтенберг НАТОнун союздаштарынын дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн дан келишиминин толук аткарылышын чечкиндүү колдой тургандарын айтты.

Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау да түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна президент Режеп Таййип Эрдогандын көзөмөлүндө Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда кол коюлган дан коридору келишиминен улам куттуктоосун айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу польшалык кесиптеши Рау менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук Коргоо министрлиги, дан жүктөлгөн биринчи кеменин бүгүн эртең менен Украинанын Одесса портунан чыкканын жарыялаган болчу. 

Билдирүүдө Ливандын Триполи портуна баруу үчүн Одессадан жөнөп кеткен жүгөрү жүктөлгөн "Разони" аттуу кеменин эртең Стамбулда боло турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар