Россиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Россиянын Коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков Россия менен Украинанын ортосундагы согушта орус армиясынын аракеттерине байланыштуу борбор шаар Москвада маалыматтарды берди.

1855565
Россиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Россиянын Коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков Украинанын Винница шаарындагы офицерлер лагеринин жогорку тактыктагы ракеталар менен атылгандыгын айтты. Конашенков Россия менен Украинанын ортосундагы согушта орус армиясынын аракеттерине байланыштуу борбор шаар Москвада маалыматтарды берди. 

Харьков аймагында Украина күчтөрүнө карата жогорку тактыктагы курал менен кол салуу болгондугун белгилеген Конашенков бул кол салууда 200гө жакын украиналык аскер, 50 чет элдик жалданма аскер менен 19 аскердик техниканын атылгандыгын билдирди. 

Орус күчтөрүнүн Донецк аймагына карата кол салууларды жасагандыгын жана бул кол салууларда 300гө жакын Украина аскери менен 30 атайын аскердик техниканын жардырылгандыгын айткан Конашенков Запорожье аймагында да 70 украиналык аскер болгон казарманын жок кылынгандыгы тууралуу маалыматты берди. 

Конашенков : "14 -  июль күнү Винница шаарында офицерлер лагерине деңизден атылган жогорку тактыктагы "Калибр" ракеталары менен кол салуу болду. Кол салуу учурунда бул жерде Украина аба күчтөрүнүн командирлери, чет элдик курал - жарак жеткирүүчүлөрдүн  өкүлдөрү менен Украина армиясына учактарды жок кылуучу каражаттардын тапшырылышы жана учактарды оңдоону уюштуруу тууралуу жыйын өткөрүп жаткан. Кол салууда жыйынга катышкандар жок кылынды",- деди. 

Орус катчы : "Учурда 253 учак, 137 тик учак, 1543 учкучсуз учуучу аппарат, 355 абадан коргонуу ракеталык комплекти, 4 миң 60 танк жана  бронетехника, 746 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 147 гаубица жана минометтор, 4 миң 341 атайын аскердик техника жок кылынды».,- деп билдирди. 

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар