Украина : "Орус армиясы 30 миң 500 аскерин жоготту"

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы 24 саатта 150, согуш башталгандан бери 30 миң 500 аскерин жоготконун билдирди.

1835456
Украина : "Орус армиясы  30 миң 500 аскерин жоготту"

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы 24 саатта 150, согуш башталгандан бери 30 миң 500 аскерин жоготконун билдирди.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус армиясынын 24-февралдан 31-майга чейинки  жоготуулары тууралуу маалыматтар орун алды.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы 24 саатта 150 аскери, 8 учкучсуз учуучу аппараты, 1 учагы, 9 танкы, 6 артиллериясы жана 20 бронетранспортун жоготкондугу, 2 канаттуу ракетасынын жок кылынганы белгиленди.

Согуш башталгандан бери жалпысынан орус армиясынын 30 миң 500 аскери, 208 учагы, 174 тик учагы, 1358 танкы, 3302 бронетехникасы, 649 замбиреги, 207 ракета аткычтарын жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынды. 2 миң 275 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 515 учкучсуз учуучу аппараттынын да жок болгондугу билдирилди. Кошумчалай кетсек, орустар тарабынан учурулган 120 канаттуу ракета Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөндүгү кабарланган.

Билдирүүдө орус аскерлеринин Слободанский багытында кол салуу үчүн даярдыктарын улантканы, Славянск, Северодонецк, Лиман жана Бахмутка багытында жарандык имараттарды бутага алган кол салууларды жасаганы да белгиленди.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу маалымдалган.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы Херсон аймагындагы Николаевка отурукташуу жеринде орус аскерлеринин оор жоготууга учурап, артка чегингенин билдирди.

Президенттиктин жазуу түрүндөгү жарыясында да Россиянын 24-февралда Украинага каршы ачкан согушундагы абалга байланыштуу маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Херсон облусунун Николаевка конушунда айыгышкан кагылышуулар чыкканы, бул кагылышууда орус аскерлеринин чоң жоготууга учураганы жана артка чегинүүгө аргасыз болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар