Кытай НАТОну «Азияны туруксуздаштыруу аракетин токтотууга» чакырды

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин 6-7-апрелдеги тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнө жооп берди.

1810647
Кытай НАТОну «Азияны туруксуздаштыруу аракетин токтотууга» чакырды

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен НАТОну «Азияны туруксуздаштыруу аракетин токтотууга» чакырды.

Басма сөз катчысы Као маалымат жыйынында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин 6-7-апрелдеги тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Кытайдын Орусиянын Украинадагы агрессивдүү мамилесин айыптоодон карманганына көңүл буруп, НАТОнун жаңы коопсуздук концепциясында Пекиндин улам жогорулаган аброюна жана эзүүчү саясатына каршы демократиянын коопсуздугун сактоону эске алуусу керектигин жактаган сөздөрүнө жооп кайтарды.

Као НАТОнун Кансыз согуш тарабынан түзүлгөн уюм катары блоктордун ортосундагы тирешүүгө көптөн бери кызмат кылып келгенин жана бир өлкөнүн гегемониясынын куралы болгонун белгилеп: «Түндүк Атлантика чөлкөмүнүн аскердик уюму НАТО акыркы жылдары өзүнүн күчүн көрсөтүү жана чыңалууну жаратуу үчүн Азия-Тынч океан аймагына кайрыла баштады. НАТО бир нече убакыттан бери чек арадан өтүүчү демилгелерди көтөрүүдө жана  жаңы кансыз согуш конфронтациясын жаратуу үчүн күчүн жумшоодо»,-деп айтты.

Кытайдын тынч өнүгүү жолуна түшкөн өлкө экенин жана анын өнүгүүсү башка өлкөлөргө коркунуч эмес, мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаганын баса белгилеген Као: «НАТО Кытайды бутага алган жалган маалыматтарды жана чагымчыл комментарийлерди таратууну токтоосуз токтотушу керек, идеологиялык тирешүүдөн баш тартышы керек. Европаны туруксуздаштырган НАТО, Азияны жана дүйнөнү да дестабилдештирүү аракеттерин токтотушу керек»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар