Орус армиясы Украинанын чыгышына чабуулга даярданууда, туткун алмашуу, эвакуациялар...

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Telegram эсебинен билдирүү жасап, президент Владимир Зеленскийдин көрсөтмөсү менен кечээ үчүнчү ирет туткун алмашуу болгонун билдирди.

1809884
Орус армиясы Украинанын чыгышына чабуулга даярданууда, туткун алмашуу, эвакуациялар...
tahliye ukrayna
ukrayna tahliye otobusu.jpg
ukrayna asker.jpg

 

Орус армиясынын Украинадагы кол салууларында 177 бала каза болуп, 336 бала жаракат алды.

Украинанын Башкы прокурорлугунун билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 938 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 87синин толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусия кол салуулары башталган 24-февралдан бери 177 баланын каза болгону, 336 баланын жараланганы белгиленди.

Украинанын борбор шаары Киевдин айланасынан чегинген орус армиясынын өлкөнүн чыгышындагы чабуул операцияларына даярдануу үчүн топтолуу уланып жатканы кабарланды.

Украинанын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Украина-Орусия согушунун 45-күнүндө орус армиясынын Украинанын бардык аймагында жарандык буталарга ракеталык чабуулдарын улантканы белгиленди.

Донецк багытында чабуулун уланткан орус армиясынын Рубежное, Попасная жана Новобахмутовка конуштарын басып алууга аракет кылып жатканы маалымдалды.

Орус армиясынын курчоосунда турган Мариуполь шаарын жана Херсон облусунун административдик чек арасындагы позицияларын басып алуу аракетинен кайтпаганы маалым болду.

Донецк аймагындагы Вугледар шаарын жана Новоселовка-2 айылын абадан кол салууда кармаган орус армиясынын Новотощива, Степной жана Маринка конуштарына да кол салууга аракет кылганы белгиленди.

Саботаж жана чалгындоо топторунун коркунучу күчөгөн аймакта украин армиясынын кагылышуу сызыгын кармоону улантып, акырындык менен орус аскерлерин артка кайтарууга аракет кылганы баса белгиленди.

Бул арада Украина менен Орусиянын ортосунда туткун алмашуу болгону кабарланды.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Telegram эсебинен билдирүү жасап, президент Владимир Зеленскийдин көрсөтмөсү менен кечээ үчүнчү ирет туткун алмашуу болгонун билдирди.

Алмашуунун алкагында 26 украиналыктын бошотулганын белгилеген Верещук 12 аскер жана 14 жарандын үйлөрүнө кайтканын айтты.

Верещук ошондой эле Мелитополь шаарында баскынчы орус армиясы тарабынан 529 жүргүнчүсү менен кармалган эвакуация автобустары бошотулганын билдирди.

Запорожье аймагындагы Бердянск, Токмак жана Энергодар шаарларында эвакуация үчүн уруксат ала албагандарын эске салган Верещук, жарандардын эвакуацияланышы үчүн бул шаарларга кайра жетүүгө аракет кыла тургандарын айтты.

Верещук акыркы 24 саатта Мариуполь жана Бердянсктан гуманитардык коридорлор аркылуу 3 миң 425 кишинин өз унаалары жана эвакуация автобустары менен Запорожьеге жеткенин, Луганск облусундагы Лисичанск, Северодонецк, Рубижное, Креминна жана Попасная  шаарларынан 578 кишинин эвакуацияланганын белгиледи.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада согуш башталган 24-февралдан бери кооптуу аймактардан эвакуациялангандардын санынын 704 миңден ашканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук башкаруу борборунун башчысы Михаил Мизинцев, Украинанын Харьков жана Мариуполь багытында жарандарды эвакуациялоо үчүн күн сайын Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн баштап гуманитардык коридорлор ачылганын белгилеп:  «Германия, Түркия жана Франциянын жарандарды жана чет элдиктерди эвакуациялоо тууралуу гуманитардык демилгелерин эске алуу менен Мариуполь шаарынан Бердянск шаарына коридор берилет»,-деди.



Тектеш кабарлар