Украинага кол салуулар, эвакуациялар,билдирүүлөр...

Билдирүүдө Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери алгачкы аныктамаларга караганда 121 баланын каза болгондугу, 167 баланын жараланганы белгиленди.

1800490
Украинага кол салуулар, эвакуациялар,билдирүүлөр...
Ukrayna Kiev Rus Saldırısı.jpg
Ukrayna Kiev Rus Saldırısı3.jpg
Ukrayna Kiev Rus Saldırısı1.jpg

Орус армиясынын Украинага бир айга созулган кол салууларынан улам 121 бала каза болуп, 167 бала жараланды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 548 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 72синин толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери алгачкы аныктамаларга караганда 121 баланын каза болгондугу, 167 баланын жараланганы белгиленди.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук бир күндө 7 миңден ашуун Мариуполь тургундарынын эвакуацияланганын жарыялады.

Верещук Украинада кагылышуу болгон жерлерден жарандардын эвакуация процесси тууралуу маалыматын социалдык медиада жарыялаган сүрөттөрү менен бөлүштү.

Мариуполдуктарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык жардам коридорлорун иштеткендерин белгилеген Верещук: «Бердянск шаарынан 1 миң 100 Мариуполдук эвакуацияланды. Мындан тышкары 5 миң 926 адам Мариуполь шаарынан жеке унаалары менен гуманитардык жардам коридорлору аркылуу Запорожье шаарына жетти»,-деди.

Мариуполдун кээ бир айылдарындагы эвакуациялардын орус аскер күчтөрү тарабынан тоскоол болгондугун баса белгилеген Верещук, Бердянскка медициналык жана азык-түлүк жеткиргендерин, эвакуацияларды эртең да ошол жерде уланта тургандарын айтты.

Украин бийликтери Чернобыль атомдук электр станциясын басып алган орус аскерлери аймактагы лабораторияны «тоноп, талкалап салышканын» ырасташты.

Эвакуация зонасын башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик орусиялыктар радиоактивдүү калдыктарды иштеткен Борбордук аналитикалык лабораторияга катуу зыян келтиргенин билдирди.

Мамлекеттик агенттик Фейсбук постунда мындай билдирүү жасады,«Бүгүнкү күндө душмандын колунда турган лабораторияда өтө активдүү үлгүлөр жана радионуклиддердин үлгүлөрү бар болчу»,-деди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко орус армиясынын курчоосунда калган Херсон шаары гуманитардык кырсыкка кабылганын билдирди.

Николенко социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө орус аскер күчтөрүнүн Херсонду курчоого алып жатканына көңүл буруп, төмөнкү сөздөрдү колдонду: «Орус армиясынын блокадасынан улам Херсондун 300 миң тургуну гуманитардык кырсыкка кабылды. Херсондо азык-түлүк жана дары-дармектердин запасы дээрлик түгөнүп калды. Бирок Орусия карапайым адамдарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачуудан баш тартып жатат».

Орусиянын аракеттерин «варвардык» деп мүнөздөгөн Николенко мунун токтотулушу керектигин баса белгиледи.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 23-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 15 миң 600 аскери шейит болуп, орустарга таандык 101 учак, 124 тик учак, 517 танк, 1578 бронетехника, 267 замбирек, 80 ракета атуу системасы жана 47 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү да 1008 унаасын, 4 ылдам жүрүүчү жеңил кайыгын, 70 күйүүчү май ташуучу унаасын жана 42 учкучсуз учуучу аппаратын жоготту.

Президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак, Орусиянын Украинага карай баштаган согушту токтотууда Кытай «маанилүү» роль ойношу керек деп билдирди.

Өзүнүн Twitter баракчасында билдирген Ермак:«Киев Пекинден согушту токтотууда көрүнүктүү роль ойнойт деп үмүттөнөт»,-деп жазды.

Ермак Орусиянын президенти Владимир Зеленский менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусун күтүп жатышканын баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 21-марттагы билдирүүсүндө Кытайга Украинадагы абалдын чечүүчү процессине кошулушу керектигин айтты.

Ошол эле күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин Орусия менен Украинанын ортосундагы диалогду улантып, сүйлөшүүлөрдө тынчтык орношу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар