Жо Байден менен Аль Сани Ак үйдө жолугушту

Ак үйдөн Байден менен Эмир Аль Санинин жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

1771439
Жо Байден менен Аль Сани  Ак үйдө жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани Ак үйдө өткөн жолугушууда Афганистан жана глобалдык энергия булактарынын ырааттуулугун камсыздоо сыяктуу эки тараптуу жана аймактык көптөгөн маселелерди талкуулашты.

Ак үйдөн Байден менен Эмир Аль Санинин жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Билдирүүдө эки лидердин Перс булуңу жана Жакынкы Чыгыш аймагында коопсуздук жана өнүгүүнү арттыруу, глобалдык энергия булактарынын ырааттуулугун камсыздоо, Афганистан элине колдоо көрсөтүү, соода жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу темасында макулдашкандары белгиленди.

Маалыматта борбору  АКШ болгон   учак чыгаруучу Boeing менен Qatar Airwaysтин ортосунда кол коюлган 20 миллиард долларлык келишимдин эки лидер тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленди.

Ошондой эле Катар менен АКШнын ортосундагы акыркы 50 жылда тереңдеген стратегиялык өнөктөштүктүн белгиси катары Байдендин Катарды «НАТОго мүчө эмес чоң өнөктөш» катары тааный турганын билдиргени белгиленди.



Тектеш кабарлар